Министрликке талапкер Эркинбек Чодуев президенттин кудасына жакындыгы бар деген маалымат боюнча жооп берди

  Мезгил

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине көрсөтүлүп жаткан Эркинбек Чодуев Президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев Чодуевдин кудасы деген  маалыматтар  боюнча жооп берди.

Чодуев: Абжалиев менен эч кандай  жакындыгым  жок. Ал  менин кудам эмес. Аны Жогорку Кеңештин депутаты катары тааныйым. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан көрсөтүлүп жататам. Айыл чарба тармагын көтөрүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Өзүмдүн программам бар” деди.

Белгилей кетсек,  буга чейин   Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине көрсөтүлүп жаткан Эркинбек Чодуев  Алиярбек Абжалиевдин кудасы экен деген маалымат тараган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *