Мирлан Бакиров: Жергиликтүү кеӊештерге депутат болуу кызыкчылыгы кыйла төмөндөдү

  Мезгил

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңеште жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору кароо улантылды. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Вице-спикер Мирлан Бакиров мыйзам долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын башкаруу системасын реформалоону же алга жылдыраарын же токтотоорун баса белгиледи. Ошону менен катар эл өкүлү долбоор аркылуу жергиликтүү кеӊеш депутаттарынын саны көбөйүп келе жатканы менен жергиликтүү кеӊештерге депутат болуу кызыкчылыгы кыйла төмөндөгөндүгүнө токтолду. Анын айтымында, азыр айылдык кеӊеш депутаттары айыл өкмөт башчысын шайлайт, ошондой эле айылдык кеӊештин бюджетин кабыл алып берет. «Бирок айылдык кеӊештердин депутаттарынын кошмо жыйыны алынып салынууда. Менимче, айылдык кеӊеш депутаттарынан бир-экиден өкүлдөр шайланып, кандайдыр бир жыйын өткөрүп, акимдин жылдык маалыматын угуусу керек эле. Андан соӊ кандайдыр бир тыянак чыгарып КР Өкмөт башчыга пикир жолдоо ыйгарым укугу болсо жакшы болмок»,- дейт М.Бакиров.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *