Мирлан Каниметов: Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ жок

  Мезгил

ИИМдин орунбасары Мирлан Каниметов өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок, бирок, алардын лидерлери жана мүчөлөрүн оперативдүү иштерди жүргүзүү максатында каттоого алып турабыз деп билдирди.

“Бизде сөз эркиндиги бар. Эгерде кимдир бирөө өзүн кримтоптун мүчөсүмүн деп санаса, силер аны менен маек уюштура аласыңар. Бүгүнкү күндө ИИМ УКТнын (уюшкан кылмыш тобу) лидерлерин жана мүчөлөрүн каттоого алып келет. Маалыматтар ички колдонуу үчүн жүргүзүлөт. Аны жыйноо биздин жарандардын укугун бузбайт, – деди Каниметов маалымат жыйыныда.

ИИМ орунбасарынын айтымында Кыргызстанда сот аркылуу официалдуу түрдө УКТ мүчөсү деп таанылгандар жок. Мурдараак министр Кашкар Жунушалиев үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып, милиция УКТнын 130 мүчөсүн кармаган, анын 13 кишиси мурда издөөдө жүргөндүгү тууралуу айткан. Кармалгандар 44 кылмыш ишине, анын ичинен 2 киши өлтүрүү, 13 алдамчылык, 14 тоноо, кордук көрсөтүү ж.б. иштерге тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал эми бүгүн министрдин орунбасары Мирлан Каниметов болсо “Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук жок, керек болсо интервью алып көргүлө” деп, журналисттердин оозун ачырып олтурат. Министрдин айтканы туурабы же орун басарыныкы? Же Каниметов ИИМге иштөө үчүн Арктикадан артынып келди беле?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *