Мирлан Мурзаев Кыргызстан – Монголия футбол беттешинин эң мыкты оюнчусу болду

Мезгил

Мирлан Мурзаев Кыргызстан – Монголия футбол беттешинин эң мыкты оюнчусу деп аталды.  Кыргызстандык чабуулчу 14-мүнөттө Гүлжигит Алыкуловго натыйжалуу пас берсе, 42-мүнөттө өзү гол тепкен.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, муну менен Мурзаев улуттук курамадагы эң мыкты бомбардирлер рейтингинде экинчи орунга көтөрүлдү.

Анын эсебинде 9 гол. Ал эми Биринчиде дале Антон Землянухин.

Жарым коргоочу Кыргызстан үчүн 12 гол киргизген.

 Эске салсак, кечээ Кыргызстан Монголияга каршы беттешип 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен.  Кыргызстан курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы болуучу Азия Кубогуна тандоо этабында Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен «F» тайпада күч сынашууда.

Төрт турда үч беттеш өткөргөн улуттук курама азыр 2-орунда.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *