Мирлан Жээнчороев: Келерки шайлоодо Кара-Суулук кланды дагы алып келебизби?

Мезгил

Тогуз пайыздык чектөөгө карата тегерек стол уюштурулуп, анда Мирлан Жээнчороев катуу күпүлдөдү. 2017-жылы шайлоо кодексине карата сунушталган 25 сунуштун бири 9%дык чектөө болгон. Бирок мен ал учурда добуш берген менен бүгүн оюмду озгөрттүм деген пикирин билдирди. Ошондой эле  “Ооба, бизде демократиялык жашоо. Анда келерки шайлоодо Кара-Суулук кланды дагы алып келебизби?” – деп ич күптүсүн ачыкка чыгарып алды.

Быйыл май айында Матраимовдордун Кара-Сууда өткөргөн спорттук мелдештерине барып келген Жанар сыяктуу айрым аттуу-баштуулар тамагыңды ичейин, аягыңа түкүрөйүн дегендей мааниде “ал жакка байкабай барып алыпыз” деп жойпуланышкан. Депутат айым Жылдыз Мусабекова “Матраимовдордун чакырыгы менен Кара-Сууга барып келгендигим чын. Эмне Кара-Суулуктар эл эмес бекен?” – деп коёндой коркок, түлкүдөй жойпу эркектана коллегаларын уят кылган эле.

Ал эми Мирлан Жээнчороевдин ал мелдешке барбаганы дурус эле болгон экен. “Келерки шайлоодо Кара-Суулук кланды дагы алып келебизби?” – деген сөзү эки күндөн бери элдин нараазычылыгын жаратып жатат. Кеч болуп кала электе Кара-Суулуктардан Андрей Малаховго окшоп кечирим сурабаса болбой калды окшойт.

Мирлан Жээнчороев бул сөзү менен Кара-Суулук карапайым элдин намысына катуу тийип алды. Анткени учурда парламентте Кара-Суулук депутаттар болгон менен, эч кандай Кара-Суулук клан жок деп жатышат ачуулангандар. Клан менен карапайым Кара-Суу элинин айырмасы асман менен жердей экендигин Жээнчороев билер бекен?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *