Митинг: 21 жаранды милиция кызматкерлери кармап кетти

Мезгил

Бүгүн борбордук аянтка нааразычылык акциясына катышкан 21 жаранды милиция кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин  басма кызматы билдирди.

Андагы маалыматка таянсак, азыр алар сурак берип жатышат, протокол түзүлгөндөн кийин бошотулушу мүмкүн. Ошондой эле ИИМ “Ала-Тоо” аянтында митинг кылып жаткан жарандар Бишкек шаардык мэриясына берген уруксаат каты боюнча күндүзгү саат 10.00дон саат 13.00 чейинки убакытта митинг өткөрүп андан соң өздөрү тарап кетүү боюнча милдеттенмени алышкандыгын билдирет.

-Митингде өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары С. Токтоболотов жана Биринчи райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Султанов чогулгандарга чыгып сүйлөп бүгүнкү көтөрүлүп жаткан маселелер боюнча ачык жана так түшүндүрмөлөрдү беришти.

Саат 13.00 митингге чогулгандарга тынч митингдерди өткөрүүгө берилген убакыт бүткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Э.Атантаев микрофон аркылуу түшүндүрү иштерин жүргүзүп, убакыт саат бүткөндүгүнө байланыштуу тынч тарап кетүүсүн өтүнүп, мындан ары митингди өткөрүү мыйзамсыз боло тургандыгын эскертти, кошумча убакыт да берилди, бирок чогулгандар тарап кеткен жок.

Ошол мезгилде жарандык активист митингди уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов митинг аяктады, тарагыла. Биздин өтүнүчтөр бийлик өкүлдөрүнө жеткирүүгө атайын топ кетти, жообу жакын арада берилет,-деди. Бирок чогулгандар тараган жок.

Саат 15.00 митинг учурунда катышуучулардын арасынан түзүлгөн атайын топ келип биздин талаптар Жогорку Кеңештин вице-спикерине берилди, жакын арада жооп берилет деген топтун сөзүн ошол жерде чогулгандар уккусу келбей, провокация чыгарууга аракет жасашып, айрымдары автоунаа өтүүчү жолго чыгышып, жолдон өтүп бара жаткан автоунаалардын жүрүшүнө тоскоол жаратып, алардын ичинен кыйкырышып, сөгүнүп коомдук тартипти бузгандыктарына байланыштуу 15.30 убактысында Бишкек шаардык ИИББнын кызматкерлери тарабынан жыйырма бир митингге катышкан жаран Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, коомдук тартипти бузгандыктары боюнча материалдар толтурулуп, мыйзам чегинде чара көрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө-деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Бүгүн 17-январдагы жарандык активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүү талабы менен нааразычылык акцияларына чыгышкан.

Акцияга чыккандарды таратуу учурунда милиция кызматкерлери бир канча жаранды кармап кетишти. Митинг кечки саат бешке жакын тарады.Тактап айтканда акцияны милиция кызматкерлери таратты.

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы митингден милиция кармап кеткен жарандардын арасында “Кырк чоро” тобунун лидерлеринин бири Бактыбек Нуралы уулу да бар.

Ошондой эле  уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов Биринчи май райондук сотуна жеткирилгенин, бөгөт чарасы каралып жатканын билдирген.  Ал өзү жалгыз экенин, митингде кармалган башка кишилер милиция башкармалыгына алынып кеткенин айткан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *