Митинг: Таластыктар Шыралжын кенин жабууну талап кылышууда

Мезгил

Бүгүн Бакай-Ата районунун Май айылынын тургундары «Глобал Шыралжын майнинг» компаниясы иштеткен Шыралжын кенин жабууну талап кылышып нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу митингдин катышуучулары билдирди.

Алардын айтымында Шыралжын кенинде адамдар жоголуп жатат. Мисалы, эки жарым жылдан бери аталган алтын кенинде иштеп жүргөн Май айылынын 34 жаштагы Рамис Тотонов аттуу тургуну 31-январда иштен чыккан боюнча үйүнө кайтып келген эмес.  

Ошондой эле буга чейин Шыралжын кенинде иштеген Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн 27 жаштагы тургунун таш басып каза болгон.

Ал эми ички иштер кызматы Рамис Тотоновду издөө иштери уланып жатканын билдиришет.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *