Митингде оң колунан ажыраган Ырыскелди үйлөндү

   Мезгил

5-октябрда митингде оң колунан ажыраган 19 жаштагы Ырыскелди Табышбек уулу үйлөндү. Бул тууралуу жарандык активист Замир Айылчиев интернеттеги баракчасына жазды.

“Бүгүнкү күндүн баатыры, революциядан бир колунан ажыраган, Ырыскелди менен телефон аркылуу сүйлөштүм.  Ырыскелди жаңы эле үйлөнүптүр. Кубанычтуу кабар менен куттуктадым! Сүйүндүм! Өзүмдүн жана Эл Аралык ДАС Эдукейшн Америка мектебинин атынан, Ырыскелдиге 1-жылга англис тилинде   окутуп берүүнү туура көрдүм! Premium English пакетин белекке бердим. Өкмөт башчы Садыр Нургожоевич, региондордогу иш сапарынан борборго келсе, Ырыскелдиге батир бөлүп берүү боюнча маселени айтам. Бактылуу болушсун!”- дейт ал.

Эске салсак, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, өлкөдө баш аламандык орун алган. Анда 19 жаштагы Ырыскелди Табышбек уулу алган жаракатынан улам оң колунан ажыраган.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *