Моңголияда этникалык кыргыз депутат болду

Мезгил

Бүгүн 25-июнь күнү Моңголиядагы парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы белгилүү болду. Бул тууралуу бир катар Монголиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты. 

Андагы маалыматка таянсак «Моңгол” элдик партиясы абсолюттук жеңишке жетишти. Монголиянын парламенттини 76 депутаттан турса, “Монгол” элдик партиясы 62 мандатка ээ болду.   Ал эми  оппозициялык «Демократия» партиясы он бир мандат  менен Монгол парламенттинин астанасын аттап кирди.

Монголиянын Баян-Өлгий аймагында  «Демократия» партиясынын талапкери — Моңголиянын эмгек сиңирген дарыгери, этникалык кыргыз Бейсен Булан райондогу үч мандаттын бирин алып Монголиянын парламентинин депутаты болуп шайланды. Бейсен Булан шеруши курман уруусунан. Ал хирург жана Өлгий шаарындагы шаардык оорукананын башкы дарыгери болуп эмгектенет.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *