Молдова: Президенттик шайлоодо Майя Санду  жеңишке жетти

  Мезгил

Молдовада жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында өлкөнүн экс-премьер-министри, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду  жеңишке жетти. 

Маалымдалгандай, Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын баары саналып бүткөнүн, анын жыйынтыгы менен Сандуну шайлоочулардын 57,75% колдогонун билдирди. Өлкөнүн азыркы президенти Игорь Додон болсо 42,25% добуш алды.

Додон башкы саясий атаандашы Сандуга жеңилип калганын мойнуна ала элек. Ал добуш берүү маалында эреже бузулганын белгилеп, шайлоонун жыйынтыгы боюнча сотко кайрыла турганын  билдирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *