Момбеков 180 градуска бурулду. Ал “Өмүрбектердин бийликке кайтып келишин бир эмес, эки колдоп колдойм” дейт

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков буга чейин массалык маалымат каражаттарынын бирине берген “Бийликке эки Өмүрбектин кереги жок” деген пикири боюнча түшүндүрмө берип, андай мааниде айткысы келбегендигин билдирди.

 – “Азыркыдай кырдаалда, азыркы бийликке өткүр кептердин, Өмүрбектердин кереги жок эле” деп мен өзүмдүн пикиримди айттым. Эмне үчүн мен андай пикирге токтолдум? Анткени Өмүрбек Чиркешовичти ошол күнү эле Жогорку соттон акыркы токтом менен бардык токтомдорду жокко чыгарып, жаңы токтом кабыл алып туруп актап жиберсе болмок болчу. 

Демек Биринчи май райондук сотуна жөнөтүп жатканы экинчиден башкы прокуратура буга каршы болуп жатканы, мындайча айтканда бийлик органдары бир пикирге келе албай жатканы бир нерседен кабар берет. Же болбосо алардын атайлап жасап жатканынан же атайлап эле чоюп жатканын ошого негиз кылып айттым. Менин ишенгим келбей турат дедим. Бирок мен буга чейин эле айтып келгем. Азырда кайталап айта алам, мурунку бийлик тарабынан Өмүрбек Чиркешовичке саясий куугунтук жүргүзүлүп келсе, азыркы бийлик тарабынан саясий куйтулук жүргүзүлүп келет деп бир эмес, бир нече жолу айткам – дейт Момбеков.

Депутат ошондой эле Текебаевдин ишинин кайра сотко жөнөтүлүшү куйтулуктун уландысы деген пикирде.

 – Азыр деле ошол куйтулуктун уландысы жүрүп жатат. Ошол суроого улай эле мен Өмүрбек Бабанов жөнүндө айттым. Азыркыдай кырдаалда Өмүрбектердин бийликке кереги деле жок болсо керек, буларга кошумча бир түйшүктөрдү алып келет. Мындай кырдаалды алаксытыш үчүн эле аргасыздан ушундай кадамдарга барды деген пикирди айтып койсом, ошол сөзүмдү ар кайсы массалык маалымат каражаттары ар кандай талкууга алып аябай актуалдуу болуп кетиптир.

Чынын айтканда мен муну күткөн эмесмин. “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” дегендей, мен айткан сөзүм үчүн Момбеков Өмүрбектердин саясатка кайтып келишине каршы экен деп жатышат. Мен таптакыр  каршы эмесмин. Булардын  кайтып келишин тескерисинче  бир эмес, эки колдоп колдойм – деди эл өкүлү.

 Момбеков Өмүрбектердин  бийликке кайтып келишине бийлик каршы болуп жатат дейт.

– Бийлик өзү каршы болуп жатпайбы? Бийлик каршы болуп жатканы ошол.  Мисалы, Өмүрбек Бабановду сурактан-суракка сүйрөбөй эле, эгер саясий мотивдеги кылмыш козголсо кыскартып, ал эми Текебаевди актап койсо болот болчу.  Бирок бийлик ушуга барбай жатпайбы. Мындан улам бийлик буга кызыкдар эмес деген сөзүмдү айттым. Чындыгымды айтам деп чырга кабылып калдым – дейт депутат.

Муну менен катар эле ал эл Өмүрбектердин бирин премьер-министр, бирөөнү спикер кылып койсо деген ойдо деди.        

– Эгер элдин пикирин уксун десеңер, элдин пикирин мен деле айта алам. Эл бир Өмүрбекти өкмөт башчы, бир Өмүрбекти спикер кылып койсо дейт.   Бийлик ошолордун саясатка кайтышына кызыкдар болсо анда коркпой эле бирөөнү премьер-министр, бирөөнү спикерликке алып барса аны ким кой деп атыптыр. Мен ошол бийликтин арамза саясатын айткым келди.

Мындайча айтканда бийлик мындай жолго бара албай жатат. Бара турган болсо башка шылтоо кылбай эле түз эле негиз бар эле да. Бирөөлөр мени эки Өмүрбекке каршы үндөп аткандай ой калтырды. Менин оюм боюнча таптакыр башка негизде айткым келген аны бийлик эки Өмүрбектин кайрадан саясатка келишине каршы. Кызыкдар эмес. Эгер каршы эмес болсо анда жасасын. Бирин актасын, экинчисин сурактарды токтотуп кылмыш ишин кыскартсын. Мына ушуну гана айткам келди – деди Рыскелди Момбеков. 

Белгилей кетсек, Рыскелди Момбеков буга чейин маалымат каражаттарынын бирине азыр бийликке эки Өмүрбектин кереги жоктугун айткан.  “Азыр бийликке эки Өмүрбектин кереги жок. Биринин саясатка киришип (Өмүрбек Бабанов – ред.), экинчисинин түрмөдөн чыкканы кереги жок. Алар кошумча оор түйшүктү алып келет. Ошондуктан Текебаевдин бөгөт чарасын карап, түрмөдөн чыгарып коёт дегенге ишенгим келбей турат” деген ал. Ал эми бул коомчулукта талкууга алынган болчу.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *