Момбеков: Бакыт Шаршембиев мени сотко берем деп коркуткан

  Мезгил

Депутат Рыскелди Момбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин мурдагы башчысы Бакыт Шаршембиев аны сотко берем деп коркутанын  «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиясынын  жыйынында билдирди.

  «Парламент жыйынында мен ушул маселени көтөрсөм, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев сотко берем деп коркуткан болчу, мына эми тастыкталып отурат. 2007-жылы «Кыргызтелекомдун» кайсы бир имараты жайгашкан Бишкек шаарынын Скрябин көчөсү – 45 дарегинде жайгашкан 1,28 гектар жери Максим Бакиевге сатылган. Ал эми 2015-жылы «Кыргызтелекомдун» наркы 2 млрд сомдон ашуун жыштыгын «Нуртелеком» компаниясына 1 миӊ сомго сатылып кеткен. Анын башында да жанагы Шаршембиев мырза турган», – деди Рыскелди Момбеков.

Депутат Рыскелди Момбековдун суроосуна жооп берген Башкы прокуратуранын өкүлү буга чейин «Кыргызтелеком» компаниясынын жетекчилерине 8 кылмыш иши козголгонун тастыктады.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *