Момбеков: Бир бетиң өпсөм, бир бетиң калат. Эки президенттин эрегишинен эң көп запкыны мен көрдүм

   Мезгил

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып эки президенттин ортосундагы эрегишинен  эң көп азапты мен көрдүм деди. Анын айтымында ал экс-президент Алмазбек Атамбаев  жана   учурдагы президент  Сооронбай Жээнбеков  экөө менен тең мамилем бар дейт.

“Эмки президент менен да экс-президент менен да мамиледемин. “Бир бетиң өпсөм, бир бетиң калат” дегендей, эки президенттин ортосунда аябай ыңгайсыз абалда калдым. Азапты абдан  көрдүм. Бул жака  жакындасаң тиги жак таарынат, тиги жака  жакындасаң бул жак таарынат.Эки жылдын ичинде ушулардын эрегишинен эң эле көп запкыны мен көрдүм. Адамкерчилик мамилемди айбанчылык мамиле кылган кездерим болду. Бир топ куугунтук кылышты. Бир тууган, кайын журтума чейин кысым көрсөтүп   башташгаган күндөр болду. Мунун баары саясат” дейт Момбеков.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *