Момбеков: «CASA-1000 долбоору дейсиӊер, кайсы электр энергиясын экспорттойсуӊар?»

Мезгил

Улуттук энергохолдинг компаниясынын эмне кылып жатканы белгисиз. Азыр анда эч пайдасы жок 43 бекерчи отурат. Алар менен эч ким деле эсептешпей калды. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, энергетика секторун өнүктүрүү, CASA-1000 жана башка энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу маалыматы угулуп жатканда билдирди.

«Эч кимге пайдасыз Улуттук энергохолдинг компаниясын Кубанычбек Турдубаев, Айбек Калиев, Азамат Оморов деген үч киши түзгөн. Азыр алар менен Казакстандын энергетика министрлиги сүйлөшпөйт. CASA-1000 долбоору дейсиӊер, өзүӊөргө жетпей жатса, анан кайсы электр энергиясын экспорттойсуӊар? Ал үчүн Улуттук энергохолдинг компаниясын жоюп, Энергетика министрлигин калыбына келтириш керек, ансыз бул маселени чече албайсыӊар», – дейт Рыскелди Момбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *