Момбеков: Чычкан жылы башталбай эле чыйкан жылы башталып кеттиби мен түшүнбөй калдым

Мезгил

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттү сындады.  

-Чычкан жылы башталбай эле чыйкан жылы башталып кеттиби  мен түшүнбөй калдым.  Жыл башталбай жатып эмне балакет жылан чагып жиберди. Бир вице-премьер элеттеги элдердин жашоосун эшектин азайганына теңеди. Дагы бир вице- премьер чек арадан чыдабай, чыгып кеткен адамдарды чыккынчы деди. Кечээ дагы бир өкмөттүн өкүлү галустугуңар жок деп мугалимдерди зекип атат. Баткендеги адамдардын жашоосу галустук менен оңоло турган болсо анда биз галустук сатып берелик. Бул эмне деген дөөпүрөстүк. Өкмөт элдин кыжырына өздөрү тийип атат. Башка эрмеги жокпу?- деди эл өкүлү.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *