Момбеков: Чындык ушул, вирус бар болсо, вирустун артында минус бар

   Мезгил

Жогорку Кеңеште депутат Рыскелди Момбеков “Убакыт келет элдин алдында кечирим сурайсыңар,  Чындык ушул, вирус бар болсо, вирустун артында минус бар-деди.

  -Убакыт келет, баарыңар эл алдында кечирим сурайсыңар. Чындык ушул, вирус бар болсо, вирустун артында минус бар. Минус бар болсо, анын артында чоң саясат бар. Дүйнө дүрбөлөңгө түшүп жатат, тигинче адам өлдү, мынча адам өлдү деп. Бирөөңөр жооп бере аласыңарбы, Кытайда эки саатта канча адам өлөт? 3 миң адам өлөт, ал эми коронавирустан 3 айда 3300 адам өлдү. А эмнеге Кытай менен чектеш Непалда, Бутанда, Камбоджада, Моңголияда бир да адам набыт болгон жок? Эмне үчүн? Эмнеге килейген Россияда бир айда коронавирустан 170 адам өлдү, жол кырсыганан 1,5 миң адам кайтыш болду? Саясат бар да… Силер саясатка аралаштырбагыла дейсиңер да өзүңөр саясатка аралаштырып жатасыңар. Өзүңөр ак халатчандарды кайрылтып жатпайсыңарбы, өзүңөр сөктүртүп жатпайсыңарбы, жанагы “киргизка” деген кыздарга.

Урматтуу депутаттар, биз жыйынды токтотпой, коронавирусту токтотушубуз керек. Анан контрабанда менен коррупцияны токтотушубуз керек», – деди депутат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *