Момбеков министрдин орун басарына: Коёндор жөнүндө сөз болуп жатса, сиз аюлар жөнүндө айтып жатасыз

Мезгил

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңеште  “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков экономика министринин орун басары Эльдар Абакировду сынга алды.

“Бул мыйзам чала, чийки итий мыйзам. Алькоголдук продукциялардын мурда белгилүү болгон аттарын пайдаланууга тыюу салынат дегенди кененирээк чечмелеп бериңизчи. Эмнелерге тыюу салынат”-деди депутат.

Абакиров суроону түшүнбөй калганбы айтор такыр эле башка темада жооп берди.

Анын жообуна канааттанбаган Момбеков “Коёндор жөнүндө сөз болуп жатса, сиз аюлар жөнүндө айтып жатасыз. Суроону так бердим. Сизге Манастын тилинде айттым. Сиз Пушкиндин тилинде жооп берип жатасыз”- деди. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *