Момбеков Абылгазиевге: Мунуңуз жөн эле мал доктур экен го, ара чолодо аксап калып, дагы уят болуп калбайсызбы?

   Мезгил

 Учурда  Жогорку Кеңеште вице-премьер-министрликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралууда. Анда депутат Рыскелди Момбеков  Мадумаровдун талапкерлигин сындады. 

“Мунуңуз Кызыл-Кыянын мугалимдерине кандай кыйкырса, мага да ушундай кыйкырсын деп атайын галстугумду тагынбай келдим. Ушу жигиттин духун бир байкайынчы дегендей.  Сиз апендинин кызындай мактаган Жеңиш Разаков төрт жыл губернатор, төрт жыл вице-премьер министр болду. Бирок төрт метр жерди чечпей кетти. Кызматтан кетип   жатканда да жөн кетпей урматтуу президентти жана сизди баш кылып минтип айтып кетти: Үй-бүлөдөгү маселелерди калыбына келтирүү керек ошондуктан арыз жаздым. Чек ара маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жогорку Кеңештин палатасынын жалпы жыйынынан өтүп түшүндүрүп чыктык. Бул кыйын маселе болгондуктан жеринде элдер менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Менимче чек араны чечүү маселеси көп жылдарга уланат. Мен баштаган ишти аягына чыгарыш керек беле же жок беле аны кудай билет”- деп мындайча айтканда чекит коюп кетти-дейт Момбеков.

Муну менен катар эле эл өкүлү биз Баткендин губернаторун алып келип эле вице-премьер кыла бербей, губернаторду ошо жерге коюп, вице-премьер деген макамды ошо жерге алып барып берип койбойлубу-деген пикирин айтты.

Анан сиз дагы бир Баткен районунун губернаторун алып келип жатасыз. Биз Баткендин губернаторун алып келип эле вице-премьер кыла бербей, губернаторду ошо жерге коюп, вице-премьер деген макамды ошо жерге алып барып берип койбойлубу. Бизде казак-кыргыз өзбек чек арасында маселе жок, бир гана кыргыз-тажик чек арасында эле маселе бар.   Мунуңуздан башка талапкер жок беле. Улукбек Кочкоровго окшогон мыкты жигиттер бар. Мунуңуз жөн эле мал доктур экен го ара  чолодо аксап калып, дагы уят болуп калбайсызбы деген өтүнүч эмес эле өкүнүч болуп калбайбы. Өзүңүз сунуштап атасыз баардык жоопкерчилик сизде болот-деди депутат.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *