Момбеков ордун таптыбы? “Барган жеринен бак айтса экен” эми

   Мезгил

Парламент депутаты Рыскелди Момбеков үй камагындагы “Ата Мекенчилер” Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотоновду жана депутат Алмамбет Шыкмаматовду үйүнө чакырып алып, олда коноктоптур да. Ал тургай конок учурунда компоюп туруп түшкөн сүрөттүн социалдык баракчасына да жайгаштырыптыр.

«Өмүрбек Чиркешовичти, Дүйшөнкул Чотоновду жана Алмамбет досумду чакырып чай бердим. Эски достор менен эзилишип сыр чечиштик, моокумубуз канбай калгандыктан кайра жолукмай болдук», –  деп жазыптыр Рыскелди Момбеков.

Социалдык тармакты колдонуучулардын бири – “Чайга жөн чакырган жок. Демек, “Ата Мекен” партиясы менен кайрадан депутат болуп парламентке келейин деген ою бар”, – десе, экинчиси – “Эски достор дегени кызык экен. Атамбаев бийликте турганда, Текебаев камалып жатканда бир ооз сөз айткан эмес. Эми эзилишип калганы таңгалдырат”, – деп жазып калтырышкан.

Конокто Момбековду эгиз козудай эрчип жүрчү Жанар Акаевди көрө албадык. Же Жанар селфи учурунда тигилерге ашканада аш басып, закүскө даярдап жүрдү бекен? Ал эми Рыскелди Момбековдун өзү “Ата Мекенчилердин” катарына өткөнүн депутаттар шайлоочулары менен жолушуп келгенден кийин, парламенттеги акысыз микрофон аркылуу элге жарыя кылабы? Иши кылса таш түшкөн жеринде оор болуп, барган жеринен бак айтып, бактап-шактап көгөрүп, өркөнү өсүп, суу ичкен кудугу КСДПнын артына түкүрө бербей, Атамбаевди саткандай Чиркешичти сатпай, өнүп-өсүп, бапырап-жапырап, жадырап-жайнап, бактылуу болсо эле болду. Ансыз да буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйөө демекчи, Момбековдун бара турган жери ошолор болчу да.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *