Монголия: Президент депутаттарды саясий эрдик көрсөтүп мандатынан баш тартууга чакырды

Мезгил

Б.Батзоригден үлгү алып, башка депутатта да саясий эрдик көрсөтүп, депутаттык мандатынан баш тартууга чакырам. Мындай пикирин Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн парламенттин жазгы сессиясынын ачылышында билдирди.

Монголиянын өлкө башчысы депутаты Б. Батзоригдин кеч болсо да отставкага кеткенин мисал кылып, депутаттарды кесиптешинин жолун жолдоого чакырды

— Бүгүн парламенттин жазгы сессиясынын ачылышында, ушул залда катышып отурган депутаттарды  Б.Батзоригден үлгү алып, жарандык жана саясий эрдик көрсөтүп, депутаттык мандатынан жана депутаттык кол тийбестигинен баш тартууга чакырам — деди өлкө башчысы.

Ушул жылдын 3-апрелинде Монголия парламентинин депутаты, мурдагы Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри Б.Батзориг спикерге кызматтан кетүү арызы менен кайрылган.

Эске салсак 2018-жылы Монголия өлкө казынасынан чакан жана орто бизнести өнүктүрүү фондуна 25,4 миллион доллар бөлгөн. Ал эми изилдөөлөрдүн жыйынтыгында  фонддун  каражаттарын айрым жогорку кызмат адамдарынын, анын ичинде депутаттардын өз компанияларына, үй-бүлө мүчөлөрүнө жана досторуна насыя берүү үчүн колдонушканы белгилүү болгон.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *