Москва тагдырымды талкалады

      Мезгил

     Турмушта ар кандай кырдаалдар, окуялар сен күтпөгөн жерден болот экен. Тагдыр салган оор сыноолорго чыдаганга агасыз болосуң.   Каарманыбыз Айбек Москвада мигрант болуп иштеп жүрүп, тагдыр сыноосуна туш болот. Анда окуя башынан болсун.

 Бакытты башка жактан издеп, өз өлкөсүнөн алыстап чет жакта жүргөн жарандарыбыз көп экенин билем. Бир кезде мен дагы алардын катарын толуктап калам деп ойлочу  эмесмин.

Бирок, турмуш шартка байланыштуу Москвага барып иштеп келүүнү чечтим. Албетте бөтөн эл, бөтөн жер дегендей, Москвага көнүп, өз ордумду тапкыча бир топ эле кыйналдым. Антсе да баардык кыйынчылыктарга чыдап, акча таап ата-энеме жардам кылайын деген жакшы максаттарым бар болчу. Бирок капилеттен тагдырымда бурулуштар болду. Айтайын дегеним, баары Асел менен таанышкан күндөн башталды. Москвада кыргыздар абдан   көп экен. Алардын арасынан Асел менен таанышып, экөөбүздүн мамилебиз достуктан сүйүүгө айланып, айтор махабаттын отуна күйдүм десем болот. 

     Күндөр айга айланып, акыры Асел экөөбүз ата-энебизге айтпай  баш коштук. Менин үйлөнүп кыздуу болгонумду ата-энем, досторум, туугандарымдын бири да билбейт эле.  Бир жылдан киийин кыздуу болдум.  Башында жашообуз жакшы эле уланып жаткан. Бирок акыркы күндөрү Асел экөөбүз көп урушчу болдук. Жумуштан үйгө келгим келбей, ар кайсы шылтоону айтып кээде үйгө барбай коюну адат кыла баштадым. Асел болсо ансайын мени башка кыз келиндерден кызганып, айтор үйдө бир күн дагы урушсуз өтпөй калды. Асел экөөбүздүн мамилебиз улам барган сайын сууп, акыры аны менен бирге жашоого мүмкүн болбой калганын түшүндүм. Андан дагы кызыгы Аселдин баласы бар экенин, жолдошу менен ажырашып кеткенин капысынан тааныштар аркылуу угуп калдым. Ал мага чындыкты айтпагандыгы үчүн жиним келип,  экөөбүз эки айрым жолго түштүк.    

   Мен Кыргызстанга келе бердим. Бирок бул жактан деле жыргап кеткен жокмун. Кызыктын баары бул жактан башталды. Мен Асел менен байланышты биротоло үзүп, аны менен байланышкан жокмун. Бул кылганым ага оор келээрин билем, бирок ушундай  кылышка туура келди. Анткени менин андан көңүлүм катуу калган.

Кыргызстанга келгенден кийин 3-4 айдан кийин эмнегедир ден соолугум начарлап, тамакка болгон табитим жоголуп,  күндөн күнгө арыктагандын ичинде боло бердим. Башында бул абалыма анча деле маани берген эмесмин. Бирок кийинки учурларда бул көрүнүш улам барган сайын оорлоп баратты. Ал тургай ата-энем, бир тууган, жакын досторум менен да сүйлөшкүм келбей, өзүнчө эле бир башкача болчу болдум.

  Мени ата- энемда байкап, эмне болуп жатканымды сурашты. Бирок өзүм да мындай абалга кантип келгенимди түшүнө албай жаттым. Жарым жылга жакын убакытта    туугандарым мага суроо берип, бир нерсе сурашса, “ооба, же “жок” деп эле жооп берип коем. Жакшы эле сүйлөйүн дейм бирок сүйлөй албайм.   Бул абалым ата-энемди досторумду тынчын алып алып, мени ооруканага алып барышты. Бирк эч бир жерден мага диогноз кое албай коюшту. Алар мени психикалык ооруканага алып барыш керектигин айтканда апакемдин абалын сөз менен айтып жеткире албайм.  Апамдын   “жалгыз балам ушинтип калабы?” деп ыйлаганын көрүп жүрөгүм ооручу болду. Бир күнү апам шаардагы классташ балама байланышып, менин абалымды айтып, ыйлаптыр. Ал дароо айылга келип мени көрүп, мага кара дуба окутулганын айтып,  мени өзү тааныган бир молдого алып барды. Ал молдо дагы дароо эле мага кара дуба окутулганын айтты. Мага ар кайсы сурктарды коюп “аялың каякта, аны менен байланышып атасыңбы?” дегенде классташ балам буга түшүнбөй менин үйлөнө электигимди айтты. Молдо ага азыр баарын өзү айтып берет деп мага түрдүү суроолорун берип жатты. Мен молдого  үйлөнүп, кыздуу болгонумду баарын айттым.  Молдо  окутулган “кара дуба” өөрчүп бара жатканын айтып, эгерде убагында бул  дубаны жандырбаса, майып болуп калышым мүмкүн экендигин же такыр адам болбой кала турганымды айтканда бул турмушта катуу жаңылганымды түшүндүм.     

   Ал эми ата-энем бул туурасында билбейт, аларга классташытарым өзүмө келип, жакшы болуп чыккандан кийин гана айталы дедик. Молдо мени 15 күн дарылай тургандыгын айтып жашоого үмүт берди. Ооба, мен жаңылдым, жаздым. Бул кылганыма, Москвага барып тагдырымды талкалап алганыма абдан өкүнөм. Окурманым, мен муну сиздерге сабак болсун деп айтып жатам. Сиздер мен кетирген катачылыктарга жол бербеңиздер дейт элем. Анткени бул өтө оор экен. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *