Москвада бычакталып каза тапкан жарандын сөөгү Кыргызстанга алынып келинди

Мезгил

Москвада жаңжалдаша кетип, бычакталып каза тапкан 25 жаштагы кыргызстандык Адилет Байсабаевдин сөөгү мекенине алып келинди. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, сөөк маркумдун туугандарына 6- январь күнү өткөрүп берилди. Жүк-200 “Уральские авиалинии” компаниясынын U6-2455 каттамы менен жөнөтүлдү. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, кырсык 2019-жылдын 31-декабрында болгон. Чыр чыгып, андан соң мушташа кеткен мекендештердин бири экинчисине бычак уруп, натыйжанда 25 жаштагы жигит көз жумган. Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан жана эс алуу күндөрүнөн улам маркумдун сөөгүн алып кетүү мүмкүн болбой жаткан болчу.

Булак:Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *