Москвада учак кырсыгынан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

  Мезгил

Москвада кырсыкка учураган учактан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

 Эске салсак, кечээ Москвадан Мурманскка жөнөгөн учак авариялык абалдар улам, артка кайтууга аргасыз болгон.

Учак конгондо арткы бөлүгү күйүп баштаган. Кырсыктан 41 адам каза тапты. Жалпысынан бортто 78 киши болгон. Алгач өрт электр жабдууларынан кеткен мүчүлүштүктөн улам чыккан деген божомол айтылса, кийин синоптиктер учакка чагылган тийген деген версияны жарыялашты. Кырсыктан улам Москва-Бишкек каттамдары жылдырылды.

Учактын куйрук бөлүгү дээрлик толугу менен күйүп кеткен. Маалыматка караганда, учак 2017-жылы өндүрүлүп, 2019-апрелде техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *