Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу акталды

Мезгил

  Москвада жөө жүргүнчүлөрдү кокустан сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу акталып, абактан бошотулду.  

 Маалыматка ылайык, бүгүн 8-февралда  Смоленск облусунун соту Чыңгыз Анарбек уулун мөөнөтүнөн мурда бошотуу өкүмүн чыгарган.

«Башында прокурор абдан каршы болуп жатты. Азыр баары жакшы болуп бүттү. 2019-жылдын 19-февралында мени абактан чыгарышат. Бошоткон соң 10 күн кармашат экен. Кыргыз элимдин колдоосу үчүн ыраазымын”, — дейт Чыңгыз Анарбек уулу.

Эске салсак, 2018-жылы 16-июнда Москва шаарында футбол боюнча дүйнө чемпиондугу өтүп жаткан учурда такси жолдон чыгып, жөө бара жаткан кишилерди кокустан сүзүп алган. Унааны кыргызстандык жаран Чыңгыз Анарбек уулу башкарып бараткан. Кырсыктан 8 киши жарадар болгон. Айдоочу полиция кызматкерлерине сурак берип жатканда күнү-түнү иштеп уктабагандыгын айткан.   

2018-жылдын октябрь айында кыргызстандык жаранды Москва шаарынын Тверск соту 1 жыл 6 айга кара жумушка тартуу менен айлык маянасынан 15%ын кармай турган болуп, 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыраткан болчу.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *