МПИ:УКМК кайсы мыйзамдын негизинде эскертүү берди?

  Мезгил

30-июлда экс-президент Курманбек Бакиев тууралуу тартылган документалдуу тасма Кыргызстандагы NewTV жана NUR TV телеканалдарынан көрсөтүлгөн. Бул тасма Бакиевдин 1-августта 70 жашка чыгышына карата тартылган экен. Анын телеканалдар аркылуу көрсөтүлүшү коомчулукта бир топ кызуу талкууну жаратты. Маалыматтарга караганда, аталган фильмди Бакиевдин жакындары, бирге окуган достору анын туулган күнүнө белек катары атайын тарттырышкан. Тасма телеканалдар аркылуу көрсөтүлүшү боюнча УКМК аталган телеканалдарга эскертүү берди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиев тууралуу видеонун авторлору өздөрүнүн жасаган иш аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт деген мааниде билдирүү тараткан. Ошондой эле УКМК маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскерткен.

Медиа полис институтунун (МПИ) юристтери УКМК тараткан эскертүү иретиндеги билдирүүдө ЖМК өкүлдөрү мыйзамдын  нормалары бузулгандыгы  көрсөтүлгөн эместигин айтышты.

«Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ишмердиги тууралуу документалдуу фильмдин телеканал аркылуу көрсөтүлүшү кандайдыр бир мыйзамды бузгандыкка жатабы? Шектүү. Курманбек Бакиев жана анын бир туугандарына карата бир нече фактылар жана оор кылмыштар боюнча соттор тарабынан айыптаган чечимдер чыгарылган. Баардык айыпталуучулар издөөдө. Бирок, бул суроолор ЖМКга эмес, айыптууларды издөөгө ниети жок, же алы келбеген, чет мамлекеттен алып келип, жазалагасы келбеген мамлекеттик бийликке көбүрөөк тиешелүү» – деп белгилешет МПИ өкүлдөрү. Ошондой эле «ЖМК жөнүндөгү» мыйзамда көрсөтүлгөн тыюу салуулардын бирине да бул фильм туура келбестигине юристтер ишенишет.

Ошондой эле «Телевидение жана радио уктуруу» боюнча мыйзамга ылайык телемекеменин маалыматтык ишмердигине цензура таратылбайт, өз программа жана берүүлөрүнүн мазмунун аныктоо боюнча өз алдынча жана көз карандысыз. Бул документ мамлекет тарабынан жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, алардын кызматтагы кишилери тарабынан телерадио мекемесинин ишмердигине кийлигишүүгө тыюу салат.

Булак: Мезгил ньюс

    

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *