Муфтият: Айт намазы окулбайт

   Мезгил

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы Курман айт майрамына карата аянтта окула туран айт намазды токтотту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан  билдиришти.

 Маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидиомологиялык кырдаалга байланыштуу жума намазы сыяктуу эле Айт намазы дагы окулбайт.

«Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарыбызга дубаларыбызды багыштайлы», — деп берилет маалыматта.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *