Муфтият битир-садаганы банкоматтар аркылуу да кабыл алууда

  

Мезгил

Муфтият битир-садаганы банкоматтар аркылуу кабыл ала баштады. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой,  эми битир-садаганы жана зекетти банктардын биринин банкоматтары, терминалдары жана мобилдик тиркемеси аркылуу төлөөгө болот.

Быйыл битир-садаганын өлчөмү бир кишиге   30 сомдон башталат. Бул 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасы. Андан тышкары, битирди ушундай эле салмактагы ун, мейиз, курма же анын акчалай наркы менен берсе болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *