Муфтият элибизди пандемиядан оолак сактоо максатында түлөө өткөрдү

  Мезгил

Бүгүн, 10-июлда Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан COVID-19 инфекциясы күч алгандыгына жана андан каза болгон бейтаптардын арбагына багышталып Куран окулуп, түлөө өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

Элибиздин ар кандай апаат кырсыктан, пандемиядан оолак сактоо максатында өткөрүлгөн түлөөгө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана жергиликтүү жамаат катышты.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *