Муфтият садака-фитирдин өлчөмүн аныктады

    Мезгил

Муфтият садака-фитирдин өлчөмүн аныктады. Бул тууралуу аталган жайдан билдиришти. 

 Маалым болгондой, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы садака-фитирди берүүнүн төмөнкү тартибин бекитти. 

1.Садака-фитир жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Ар бир казыяттардын берген маалыматтарына таянып ар жан башына садака-фитирдин 2019-жылдагы баасы төмөнкүдөй бекитти.

Буудай Мейиз Ун Арпа Курма
Орточо баа 21,87 сом 240 сом 25 сом 15 сом 150сом
Өлчөм 1,600 1, 600 1, 600 3, 200 3, 200
Жалпы(Садака-фитирдин баасы) 35сом 384 сом 40 сом 48 сом 480сом

Садака-фитирди берүү (белгиленген өлчөмдө) ар бир колунда бар адамга важиб. Анткени Пайгамбарыбыз (САВ) “Садака-фитирди чоң-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” – деп бекиткенин азирети Умар айткан.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *