Муфтияттын орун басары болуп Кадыр Маликов дайындалды

   Мезгил

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары болуп Маликов Кадыр Курманбекович дайындалды.  Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду.

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кадыр ажы Маликовду жалпы жамаатка тааныштырып, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кызматкерлери жана облустук казыяттар менен тыгыз кызматташуу керектигин тапшырды.

Маликов Кадыр Курманбекович 1972-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *