Мугалимдер күнүнө карата министрликтен өзгөчө белек

   Мезгил

    Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 5-октябрь мугалимдер күнүнө карата өзгөчө белек тартуулаганы турат десек болот. Министрликтин басма сөз кызматынын билдиргенине карата бул ведомство “Дордой офтальмик-сервис” медициналык борбору менен мамлекеттик-менчик кызматташтыкыты өнүктүрүүнүн алкагында мугалимдердин ден соолугун жакшыртуу максатын көздөп келишим түзүштү. Келишимге министрликтин атынан Каныбек Исаков, ал эми медициналык борбордун атынан Азизбек Эшмамбетов кол коюшту.

Эми 400 мугалимдин көзүнө акысыз операциялар жасалат. Операциялар жогорку технологияларды колдонуу менен ишке ашырылат. Жасалуучу операциялар көздүн катарактасын алуу жана башка оорууларды дарылоону өзүнө камтыйт. 

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *