Мухаммедкалый Абылгазиев Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Сүйлөшүү учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев Дмитрий Медведевге Россия Өкмөтүнүн Төрагасы кызматындагы биргелешкен үзүрлүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчы анын кыргыз-россия мамилелерин өнүктүрүүгө жана ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымын баса белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле евразия интеграциясы идеясын илгерилетүү боюнча бирге жүргүзүлгөн конструктивдүү иштерге өзгөчө көңүл бурду. Ал Кыргызстанда Дмитрий Медведевдин стратегиялык өнөктөштүктү жана өлкөлөр аралык шериктештикти бекемдөөдөгү жеке салымы жогору баалана турганын белгиледи. 

Мухаммедкалый Абылгазиев достук диалогду жана конструктивдүү иштерди улантууга даярдыкты ырастап, Дмитрий Медведевдин чечкиндүүлүгү, кыраакылыгы жана топтогон тажрыйбасы мындан ары да Россия Федерациясын өнүктүрүү жана чыңдоого, ошондой эле кыргыз-россия кызматташтыгын келечектүү тереңдетүүгө кызмат өтөрүнө ишеним билдирди.

Сүйлөшүү учурунда кыргыз-россия алакаларынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *