Муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 200 млн сом бөлүндү

  Мезгил

Муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 200 млн сом бөлүндү.  Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү чечимге  премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Чечимге ылайык,  Финансы министрлиги өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде турмуштук оор абалда калган жарандарды тамак-аш азыктары менен камсыздоо иш-чараларына 200 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн. 

Бул чечим калктын социалдык жактан аярлуу категорияларын коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоо максатында кабыл алынды. Каржылоо «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттарынын алкагында  жүргүзүлөт.

Аймактардагы тийиштүү гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн  Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жеке жоопкерчилик алат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *