Мунай базада чыккан өрттөн жабыркагандар бар

 Мезгил

Жалал-Абад шаарында  мунай базада чыккан өрттөн 2 өрт өчүрүүчү жабыркап ооруканага жеткирилди.  Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан билдиришти.

 Маалым болгондой, 2 жабыркаган адам тең өрт өчүрүүчүлөр болгон.

 Алардын  биринин денесинин 50 пайызы күйүп калган, абалы оор. Учурда  жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми экинчи өрт өчүрүүчүнүн бети күйүп калган. Өрт чыккан жерде “Тез жардам” жана бир реаномобиль кызматынын автоунаасы күзөттө турат.

Өрттү өчүрүү үчүн 350 литр көбүк колдонулган, кошумча дагы 500 литр көбүк иштетилээрин басма сөз кызматы кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн  Жалал-Абад шаарында мунай базардан өрт чыкты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *