Мунай базадагы өрттө жабыркаган адамдын абалы туруктуу оор бойдон калууда

Мезгил

Жалал-Абадда мунай базадагы өрттө жабыркаган адамдын абалы туруктуу оор бойдон калууда.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, жабыркаган эркек киши денесине 50 пайыз күйүк алып, Жалал-Абад облустук оорукананын реанимациясында дарыланууда.

Дары-дармектер менен толук камсыз болушкан.   

Эске салсак, Жалал- Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндөгү мунай базада жалын 10-майда чыгып, 2 адам жабыркаган.

Алардын бири өрт өчүрүүчү амбулатордук дарылануудан кийин үйүнө кое берилди.

2 миң тонна солярка жана мазут күйүп кеткен.  Ири өрт кырсыгынын себеби такталууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *