Мурат Суталиновдун иши боюнча сот отурумдары башталат

Мезгил

Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткан Мурат Суталинов ден соолугуна байланыштуу абактан чыгышы мүмкүн. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Андагы маалыматка таянсак, Мурат Суталинов өсмө (рак) оорусуна чалдыгып, анысы өтүшүп кеткени аныкталган. Аталган мекеме Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу документтер, дарыгерлердин бүтүмдөрү Ленин райондук сотуна өткөрүлүп берген. Жакынкы күндөрү сот отурумдары башталышы мүмкүн.

Мыйзамга ылайык, абакта жаткан жарандар катуу ооруга чалдыккан учурда сот аркылуу эркиндикке чыгууга укугу бар. Бирок ал үчүн соттолгон жарандын ден соолугу боюнча дарыгерлер бүтүм чыгарып бериши зарыл.

Буга чейин Жаза аткаруу мекемеси Мурат Суталиновдун өсмө (рак) оорусуна чалдыгып, анысы өтүшүп кеткени аныкталганын, буга байланыштуу Мурат Суталиновдун абалы парламент карап жаткан мунапыска туура келерин билдирген.

-Учурда парламентте каралып жаткан мунапыска ылайык “биринчи жана экинчи топтогу майыптар эркиндикке чыгарылсын” деп каралууда. Суталинов мына ушул топко туура келет. Анын абалын дарыгерлер туруктуу түрдө оор деп баалашкан, – деп билдиришкен аталган

Буга чейин Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу “Мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамды сунуш кылган. Ага ылайык, абактардагы миңдей адамдын көбүнө боштондук берилип, жаза мөөнөттөрү кыскарышы мүмкүн.

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкектеги №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Ал  2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу 20 жылга соттолгон.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *