Керимбеков: Атамбаевдин борбордук аянтта Текебаев жазган Конституция мыйзамсыз экендигин моюнуна алган

Мезгил

Жогоруку Кеңештин  экинчи чакырылышынын депутаты Бакыт Керимбеков массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып адамдар жаратуучу жана уратуучу болуп экиге бөлүнөт. Мен Акаевден тартып 28 жылдан бери бир дагы жаратуучу саясатчыны көрө албадым деп айтты.

-Адамдар жаратуучу жана уратуучу болуп экиге бөлүнөт. Мен Акаевден тартып 28 жылдан бери бир дагы жаратуучу саясатчыны көрө албадым. Эгерде ким жаратуучу же уратуучу саясатчы боло албаса, ал – же балык эмес, же эт эмес. Бийликтегилердин тегереги интригандар. Мисалы, 2003-жылы II чакырылышта Өмүрбек Текебаев менен депутат катары коллега болгом. Андан “Сиздин хоббиңиз барбы?” деп сурасам, ойлонбой туруп ал мага “Менин эч кандай хоббим жок, менин бир гана хоббим бар Бакыт – мен интриганмын” деп чын жүрөгүнөн жооп берген. Текебаевди губернатор кылып койсо иштей албайт. Анткени анын колунан саясаттан башка эчтемке келбейт. -деди Бакыт Керимбеков

Бакыт Керимбеков 2005-жылы Текебаев “Бир мандаттуу шайлоодон өтүү кыйын болот. Шайлоо компаниясы үчүн акча чогултуу керек” деп айткан. Ага бут тосуулар болгон менен шайлоодон өтүп кеткен. Ал убакта мамлекеттик машина катуу иштеп турган. Бакиев, Исаков, Балтабаевдер депутаттыкка өтпөй калды, мен да өткөн жокмун. Демек Текебаев… деген күмөндүү оюн айтат. Ошондой эле ал Атамбаевдин борбордук аянтта Текебаев тууралуу айткан учурда ал жазган Конституция мыйзамсыз экендигин публика алдында моюнуна алганын кошумчалайт.

– “Ата Мекен” партиясы кыргыздыкыбы же жокпу, белгисиз. Анткени Өмүрбектин иниси кыргыз желегин Тейит айылында өрттөп жиберген.  Демек “Ата Мекендин” мекени Кыргызстан эмес.  Атамбаевдин борбордук аянтта Текебаев тууралуу айткан учурда ал жазган Конституция мыйзамсыз экендигин публика алдында моюнуна алганы. Анын билдирүүсү боюнча Роза Отунбаев, Алмазбек Атамбаев өзү да мыйзамсыз президент болуп калат. Конституциянын атасымын деген Текебаев эмне үчүн 21 жашта депутат болсо болот деп жазат. Али өсүп жетиле элек студенттен кандай депутат чыгат? Ал жөн эле жаштар мага добуш берсин деген максатта ушинтип жазып койгон.

Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаты, депутат болуу үчүн мамлекеттик кызматта кеминде 10 жыл иштеп тажрыйба топтогон адамдар келмек, бирок баш мыйзамды  жазгандар өздөрүнүн кызыкчылыгына ыңгайлаштырышкан деп айтат.

Мен кесибим боюнча врачмын. Адамдын денеси 25 жашка чейин өсүп жетилет. Ал эми депутат болуш үчүн ЖОЖду бүтүп, мамкызматта кеминде 10 жыл иштеп тажрыйба топтогон адамды шайласа болот деген пикирдемин. Ошондо ЖКга билимдүү, мамлкеттик иштен кабары бар депутаттар келмек, базардагылар эмес.  Мурдагыдай кадрдык өсүү тепкичтери болсо жакшы эле. А Конституция жазгандар бул жерди өздөрүнүн кызыкчылыгына ыңгайлаштырышкан.

 

Бардык депутат жана президенттике талапкерлерге шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө 35 күн берилген. Жергиликтүү депутаттар үчүн бул жетиштүү. А президент Республиканын аймагын айланып чыгууга жетишпейт. Депутаттар 5 жыл бою өздөрүн элге кеңири тааныта алат. Ал эми президенттике же депутаттыкка талапкерлигин жаңыдан койгон киши 35 күндө эмнени айтып жетишет? Бул жерде да өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлошкон. Эл бийликтин ээси. Алар элдин караңгы болушун каалашат. Анткени караңгы элди алдоо оңой-деди Бакыт Керимбеков.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *