Мурдагы мэрлердин сотунда айыпталуучу өзүн жаман сезип тез жардам чакыртылды

  Мезгил

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда мурдагы калаа башчылары   Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.

Соттук отурумда айыпталуучулардын бири Кубат Шаршекеев өзүн жаман сезип, тез жардам чакырылды. Жактоочулардын айтымында, Шаршекеевдин кан басымы көтөрүлүп кеткен. Судья Кубанычбек Касымбеков тыныгуу жарыялады.

Эске салсак,   Кулматов   баш калаада мектеп салууга жумшалган 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган деп айыпталган.

Ал эми Ибраимовго ««Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *