Мурдагы министр Талантбек Батыралиевге кылмыш иши козголду

 Мезгил

Саламаттыкты сактоо министрлигинин экс-министри Талантбек Батыралиевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Ал “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде шектелип жатат.

  Маалыматка караганда, жемкорлук менен күрөшүү агенттиги бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын V даражасындагыларга гемодиализ ыкмасы менен медициналык жардам кызматын сатып алууда «Мамлекеттик сатып алуу» мыйзамынын талабын бузуу фактысы боюнча иш козгогон. Ал боюнча аудит өткөн.

«Эсептөө палатасынын текшерүүсү мамлекетке 107 миллион сом зыян келтирилгенин ырастады», — дейт УКМК.

Талантбек Батыралиевге «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Өлкө кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзүү» беренелерине шектелүүдө.

Эске салсак, Талантбек Батыралиев   саламаттык сактоо министри   болуп 2014-2018-жылга чейин иштеген.

Булак: Мезгил Ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *