Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева камакка алынды

  Мезгил

    Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку башчысы Динара Сагынбаева камакка алынды. Бул маалыматты ички иштер министри да тастыктады. 

 Маалым болгондой, кечээ мурунку министр суракка алынган. Андан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш иши ушул жылдын январында жаңыланган. Ал боюнча ууруга рак дартын койгон дарыгерлер жана лаборанттар сурак берүүдө.

Эске салсак, буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *