Мурдагы судья Жеңишбек Шабданкулов каза тапты

   Мезгил

Чүй облустук сотунун мурдагы төрагасы Жеңишбек Шабданкулов узакка созулган оорудан соң бул дүйнө менен кош айтышты. Ал 78 жаш куракта болгон.

Алгач ИИМ системасынан, андан соң прокуратура тармагында карьералык тепкичин баштап, өмүрүнүн көп бөлүгүн сот системасында иштөө менен өткөргөн тажрыйбалуу юрист өлкөбүздүн Нарын, Ысык-Ата, Свердлов, Жайыл аймактарында эмгектенген. Ишиндеги үзүрлүү ийгиликтери үчүн прокуратура органдарынын, юстиция жана сот системасынын бир канча ардак граммоталары менен сыйланган. 65 жашында ардактуу пенсияга чыккан биздин каарманыбыз 78 жашында дүйнө салды.

Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко, ыйманы саламат болсун! 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *