Мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова дүйнөдөн кайтты

    Мезгил

Узакка созулган оорудан кийин, 83 жашында Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.

Жамал Ташыбекова 1980-1986 –жылдары министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты да болгон. Эгемендик жылдары үй-бүлө, аялдар жана жаштар комиссиясынын төрайымы, Аялдар федерациясынын жетекчиси болуп турган.

Дасыккан дипломат, билими менен иши айкалышкан мамлекетчил ишмер айым бир катар эл аралык жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко, ыйманы саламат болсун! Жакындарына көңүл айтабыз!

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *