Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камакка алынды

   Мезгил

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, экс-чиновник крим төбөл  Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу үчүн кармалып, ордо калаа ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында беш дарыгер кармалып, экөө кайрадан үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, 15-майда ушул эле ишке байланыштуу мурдагы министр Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *