Мусакеев: “Атамбаев эгер пара алсаң, сени каматам. Акча керек болсо менден ал” дечү

Мезгил

  Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы,  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев журналисттерге өзүнө жана туугандарына таандык мүлктөрүн көрсөтүүдө.

Ал мүлктөрүн көрсөтүп жатып Атамбаев “коррупцияга аралашсаң каматам” дечү дейт.

“Атамбаев мага “коррупцияга аралашпа” деп көп айтчу. “Эгер пара алсаң, сени каматам” дечү. Акча керек болсо менден ал деп айтчу. Акча сураган эмесмин, бирок майрам күндөрү премия катары акчалай сыйлык берип турчу. Унаа, батир белек кылган жок” дейт Мусакеев.

Белгилей кетсек, 8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Көзөмөл органынын Мамлекеттик каттоо кызматына таянып билдиргени боюнча, кийинки убакта Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталган, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгы бул мүлк Мусакеев өзү гана эмес, анын жакын туугандары иштеп тапкан расмий кирешеден бир нече эсе кымбат экенин кабарлаган.

Мусакеев 9-кызматта 2010-2017-жылдары, 2016-жылдан тартып жетекчи болуп иштеген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *