Муз тээп ойноп жүргөн 3 бала муз жарылып сууга түшүп кетип каза болду

   Мезгил

Алматыда  муз тээп ойноп жүргөн 3 бала муз жарылып сууга  түшүп кетип каза болду.

  Бул туурасында шаардын акими (мэр) Бакытжан Сагинтаев билдирди.

“Алатау районундагы сууга кирип кеткен окуучуларды издөө иши аяктады. Терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биздин балдар муздун жука катмарынын жарылып, сууга чөгүп каза болушту” –деп жазган Сагинтаев өзүнүн фейсбук баракчасына.

Шаар мэринин айтымында, департамент полициясы жана  жана өзгөчө кырдаалдар кызматы менен биргеликте  кырсыктын себептерин иликтөө боюнча атайын топ түзүлгөн. Изилдөө иштери өзүмдүн көзөмөлүмдө болот” каза болгон балдардын үй бүлөсүнө жардам болот – деп кошумчалады Сагинтаев.

Социалдык тармактарда жазылгандай, 2006-жыл туулган үч окуучу шаршемби күнү мектептен чыгып кетишкен, андан кийин  аларды эчким көргөн эмес.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *