Музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды

  Мезгил

Маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатындаМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Тиешелүү буйрукка   премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн   Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн 480 миң сом каралган.

Эске салсак, мындан мурда маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлери үчүн да айлык акыны 80%га жогорулатуу орун алган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *