Музоонун барар жери саманкана

   Мезгил

Музоонун барар жери саманкана, буудайдын барар жери тегирмен. Ирина Карамушкина деген депутат өткөн аптада парламент жыйынынан сөз талашып, Кой-Таш кошогун кошо баштаганда төрага сөз бербей койгон. Кой-Таштагы окуядан карабашыл киши каза болуп жатса, Карамушкина тергөөчүлөр алып койгон телефонуна кейип жаткан экен. Дейпутат айымга жоопту Айнуру Алтыбаева менен Аида Касымалиева катыра беришти. Ошондо ызаланган Карамушкина залдан чыгып кеткен. Эми кайрылып келбесе керек деп ойлогонбуз.

Бүгүн парламентте сөз алып сүйлөп жатканы байкалды. Бирок сөзүнүн башын башка темадан баштаган менен, аягында баягы эле кошогун кошуп кирди. Ага сөзүн аяктоо үчүн кошумча 10 секунд берилген жок. Кыязы Карамушкина парламентти укук коргоо талаасына айлантып алган окшойт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *