МЫНДАЙ ШАЙЛОО ЖАРАБАЙТ…

   Мезгил

   Алдыдагы шайлоо кандай жагдайда өткөнү турат? Андан улам эмнелер күтүлүүдө? Биз мындай жагдайга кантип кептелдик? Негизи бизге кандай башкаруу тутуму керек?.. “Чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” – демекчи, албетте, мунун баары айтыла турган сөз болгон соң учурунда айтылууга тийиш. Эмесе, кеп башынан болсун…

БЕЛОВЕЖ ТОКОЮНАН ЧЫККАН ЭГЕМЕНДИК

           Эсил кайран СССР кыйрап түшөр алдындагы Бүткүл Союздук референдумда “Советтер Союзунун курамында калабыз” – дегендер 95 пайызды түзгөнү кадиксиз чындык. Ооба, анда элибиз эгемендикти каалаганы менен СССРдин курамынан чыксак эле бизди Кытай же АКШ басып алуучудай туюлуп, кептин чыны эгемендик үчүн жан аябай күрөшкө чыккан деле эч ким болгон эмес.

Бирок, өзү эле оңдой берди болуп, 1991-жылдын 8-декабрында Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденцияга чогулган Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Украина Республикасынын жетекчилери тымызын жыйын өткөрүшүп, кара кулак калктардан биротоло арылуу максатын көздөшүп, Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Ошентип, Жараткандын кудурети менен эч ким күтпөгөн жерден, эч кандай күрөшсүз жана кан төгүүсүз эле эгемен өлкө болдук да калдык.

Ага ылайык 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде “Мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы эгемен демократиялык мамлекет деп жарыяланды.

Ал эми тунгуч президентибиз Аскар Акаевди шайлап, элдин эсинде “легендарлуу парламент” катары калган он экинчи чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Совети 1990-жылдын апрелинен 1994-жылдын сентябрына чейин иштеп, элдин, мамлекеттин жалпы кызыкчылыгын көздөгөн жаңы Конституцияны, Кыргыз Республикасынын туусун, гербин жана гимнин кабыл алган. Кыргыз мамлекетинин мыйзам чыгаруу органы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши деп атала баштаган.

Эгер, ошол мезгилдердеги тарыхый өзгөрүүлөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалансак, бизде өлкөбүздүн эгемендигин толук кандуу чыңдоо жана калк турмушун жакшыртуу багытында чоң бурулуштарды жасоо боюнча көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар эле. Бирок, бийлик тепкичиндегилер ал ыйык миссияларды аткарууга жөндөмсүз болуп чыкты. Ал бийликтегилердин билимсиздигинен эмес, саясий эрки жоктугунан жана алар көрпенделик алктын кулу болуп калгандыгынан улам болду. Эгер, бир эле мисал айтсак, “Кумтөр” алтын кенин казуу боюнча түзүлгөн келишимде кыргыз элинин, Кыргызстандын кызыкчылыгы биринчи планга коюлган болсо, анда өлкөбүздүн экономикасы мынчалык кейиштүү абалга түшпөйт эле. Маселен, 2003-жылы “Кумтөрдөгү” Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан 33 пайызга төмөндөгөн. Бул өз эли үчүн чыккынчылык кылуунун тана алгыс мисалы. Кумтөрдөгу капсалаңдуу бир окуядан кийин “Кыргызалтын” ААКынын “Centerra Goldдогу” акцияларынын пакети бир күндүн ичинде эле 151,8 миллион АКШ долларына арзандап кеткен. Кийинки маалда “Россиянын “Яндекс” фирмасынын “Кумтөрдөгү” үлүшү 40 пайызды түздү.” – деген кеп жүрөт. Ал эми расмий маалыматтар боюнча “Кыргызалтындын” акцияларынын пакетинин рыноктук баасы 412 миллион доллар, акцияларынын саны 77401766 даана деп белгиленүүдө. Калган кендерибизге да көбүнчө башка өлкөлөрдүн жарандары кожоюндук кылышып, алтын менен бирге казылып алынган башка рудалар турсун канча алтын казылып алынганы да бизге белгисиз бойдон калып, мамлекеттик кызыкчылыгыбыз таптакыр эле корголбой калууда. Эми эртең бизде канчалаган уукалдыктар (хвостохранилища) каларын, алар табиятыбызга, элибизге канчалаган эбегейсиз зыяндарды тийгизерин эске алган деле жан жок сыяктуу.

АСМАНДЫ ЭМЕС, ТЕМИР ТОРДУ ТАНДАГАН БҮРКҮТ

Саясат боюнча «Улуу шахматтык досканы” түзгөн америкалык таланттуу саясий оюнчу Збигнев Казимеж Бжезинский мындай дейт: “Россиялык саясатчылар Россияны жаңы конфедерациянын борбору кылып түзүү, анын алкагына мурунку советтик мамлекеттерди киргизүү, формалдуу алганда алардын эгемендиги сакталгандай түр көрсөтүп, бирок, түпкүлүгүндө аларды экономикалык, саясий жана аскердик жактан ар кадам сайын Россияга ажыралгыс кылып чырмап, өздөрүнө куушура тартууну ачык кеп кылышууда. Россиялык саясатчылардын мындай максаты эгер ачык империялык саясат болбосо, анда эң эле бери дегенде протоимпериялык саясат болуп саналат.” – дейт.

Ошондой багыттагы кептерди кулагы чалып жүргөн Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров: “Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү максатында Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат. Бул маселе Кыргызстанда да каралып жатат.” – деп «Правда.ру» порталына билдирүү бергенин Tengrinews.kz. жазды. Курсактын гана кулу болуп, эгемен өлкө болуунун касиетин түшүнбөгөн мындай жанбакты маңкурттар, албетте, башка республикалардан деле чыгышы ыктымал.

                Бул багыттагы “Азия News” гезитинин (2020-жылдын 10-сентябрындагы, №26 (363) сурамжылоосуна дипломат Аскар Бешимов: “Биз келечек багыттарыбыздын баарын жыйыштырып келип, Москвага өткөзүп бергенбиз.” – деген жооп айткан.

Ал эми эгемендиктин баасын билген жана урпактарынын кул болуп жашоосун каалабаган мурунку элчи айым, коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова: “Тышкы саясатты Президент жүргүзөт. Сырттан келүүчү инвестициялар азыркыдай катаал кырдаалда каалайбызбы-каалабайбызбы азаят. Мындайда биздин мамлекет ишти ТИМге түртө салбай, ички ресурстарды туура пайдаланып, чет өлкөлөрдүн жакшы тажрыйбаларына таянып, оор кырдаалдан чыгып кетсек болот.” – дейт.

Ооба, эгемен эл болуу үчүн улуттук биримдикти чыңдап, оор сынактардан өтүүгө туура келет. Бирок, темир тордон чыгарып койсо деле көк асманга көкөлөбөй, кайра эле темир тордогу этке карап “кляктаган” зоопарктагы бүркүттөй болбойлу. Сан жагынан бизден арбын уйгур, күрд сыяктуу далай элдер эгемендиктин көзүн көрө албай көздөрү тешилип жүрөт. Эгер биз турмуштан сабак алганга үйрөнбөсөк, мекени жана эгемендиги жок калган элдердин кейиштүү тагдырын кайталап калышыбыз ыктымал.

ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУ ӨЗҮН АКТАДЫБЫ?

           Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн төңкөрүштөн кийин мамлекеттик бийлик алмашып, коомдук-саясий абал өзгөргөн. 2010-жылдын 27-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын кеңейтилиши менен бирге анын жоопкерчилиги да күчөтүлгөн.

V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин шайланышы менен Кыргызстандын тарыхында жаңы барак ачылган. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасы парламенттик-президенттик башкаруу формасындагы өлкө деп жарыяланган. Ага чейин президенттик да, аралаш да башкарууну башынан өткөргөн, үй-бүлөлүк, кландык башкаруудан чарчаган элибиз, албетте, бул жаңы башкаруу формасынан көптү күткөн эле. Бирок, үмүт акталган жок.

“ЭЛИТА” БОЛОБУЗ” ДЕП “ЧИМИРИК” БОЛГОН ПАРЛАМЕНТ…

Партиялык тизме менен эл өкүлдөрүн шайлаган учурда интеллектуалдык деңгээл дегенныпым айланбай, алда немедей кызык кишилер депутат болуп келип, ал фактор парламенттин улам алсызданышын шарттоодо. Айрым эл өкүлдөрү “менчик машинеси жок маршрутка менен жүргөн” “жепутат” боло элек депутаттарга боору ооруса, башка бирөөлөрү “биздин мандатыбыз бар, капчыгыбыз калың, биз элитабыз” – деп өздөрүн элден өөдө коюуга аракеттеништи. Айрымдары кагазга жазып берген сөздөрдү окуй албай карайлашты. Аңгыча болбой эле аларды мурунку президент Алмаз Атамбаев: “Булар депутат эмес эле чимкирик экен”- деп сыпаттап, аларга “чимкирик парламент” – деген ылакап атты ыйгарып салды. Мында калыстык үчүн айтып коюу парыз, депутаттардын баары эле “чимкирик” болбойт. Ар бир эле чакырылышта мыкты депутаттар да болот. Бирок алар аз болгондуктан айдама депутаттардын далдасында калып, чогуу жаманатты болуп калганы өкүнүчтүү…

Ал эми жалпысынан алганда өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн жолун издебеген, тескерисинче өздөрүнүн контрабандалык аракеттери менен көмүскө экономиканы гүлдөтүп жаткан соңку парламентчилер өлкөбүзгө бажыдан, салыктан түшүүчү салыктардын азайышын шартташты. Алардын экономикага тийгизип жаткан залалынан тажап, эл башына күн түшүп, кара тумоо (COVID-19) каптаганда алар капчыгын кампайтып алып коңулга кире качканынан иренжиген калк андай “ашка жүк, башка жүк парламентчилердин” санын эки эсе кыскартуу маселесин кайра-кайра коюп келатат.

Маселен, парламентке жумшалуучу каражаттын ар бир чакырылыш сайын улам көбөйүп баратканын иликтеген макаласында (“Ачык саясат” гезити, 11.09.2020. №16 (406) журналист Күнболот Момоконов “Парламенттин чыгымы да, көк мээси да көбөйүп барат.” – деп белгилеп, парламентчилерге жана алардын тегерегиндегилерге жумшалган каражаттарды эринбей иликтеп, гезитке толук чагылдырыптыр. Соңку маалыматтар боюнча Жогорку Кеңеш казынадан жыл сайын 786 млн. сом сурап, бюджетке 760 млн. сомдун тегерегинде чыгыша келтирет экен.

ДЕ-ЮРЕ – ПАРЛАМЕНТТИК, ДЕ-ФАКТО – ПРЕЗИДЕНТТИК

 Албетте, парламенттик башкаруу – бул үй-бүлөлүк, кландык башкаруудан арылуу үчүн жасалган аракет болчу. Бирок, “Парламенттик башкаруу системасы” деп жарыялап коюу менен аны реалдуу ишке ашыруу эки башка нерсе экен. “Биз Конституция боюнча де-юре парламенттик республика деп аталабыз. Бирок, де-факто чечимдерди кабыл алуу чордону президенттин аппараты бойдон калды. Башкача айтканда, анда коюлган максаттар ишке ашпады.” – дейт парламенттин мурунку төрагасы, тарых илимдеринин доктору Зайнидин Курманов.

Эгер көпчүлүктүн пикирине таянсак, “Президент башкаруу бийлик сересинде дагы эле башкы фигура бойдон калууда, ал эми Жогорку Кеңеш президенттик аппараттан түшкөн жетекчилик көрсөтмөлөрдү (директиваларды) аткаруу менен гана иш алып барууда.

Ал эми саясат талдоочу Сейтек Качкынбай: “Саясий илимдердин парламенттик барометр ыкмасына салып карайт да: “Жогорку Кеңеш азыркы турушунда Чыгыш Европа жана Монголия парламенттеринен алда канча чабал.” – деп белгилейт. Маселен, “Мыйзам чыгаруу бийлигинин ыйгарым укуктарынын индекси деген критерий менен алып караганда биздин парламенттин күчү 53 эле пайызды түзөт. Бул парламент дагы эле алсыз бойдон калып жатат дегенди билдирет.”’ – дейт эксперт.

Ошентип, төңкөрүштө кан төгүүгө чейин барып, жүздөн ашуун чырактай уулдарынан ажыраган калкыбыздын зор үмүттөрү аткарылбаган бойдон калды. Албетте, кынтыксыз башкаруу тутуму болбойт деңизчи. Ар бир башкаруу формасынын өз артыкчылыктары жана мүчүлүштүктөрү бар. Бирок, сөз жүзүндө жана кагазда “парламенттик башкаруу” – деп аталган башкаруу элдин бийликке болгон ишенимин ого бетер жоготту.

“Бүгүнкү парламенттин табияты түп-тамырынан өзгөргөн. Депутаттар партиялык тизме менен шайлангандан кийин партиянын лидеринин айткан сөзү, партиялык турмуш биринчи орунда турат.” – дейт Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экс-премьер-министр, Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев.

Чынында да ушундай. Кайсы бир партияга мүчө катары шайлоого чуркап койгон, бирок мамлекеттик кызматта иштебеген, ал түгүл ишке таптакыр көзү жетпеген, кызматка жарамсыз адамдарды партлидерлер мамлекеттик кызматка жайгаштыра беришип, мамлекеттик кадр саясаты бүтүндөй бүлгүнгө учуроодо.

“Акчага гана сатып алууга мүмкүн болгон биздин конгрессмендер жарандардын эң мыкты сорту.” – деп Мори Амстердам айтмакчы депутаттар парламентке атаандаштарын басып туруу, өз бизнесин коргоп, өнүктүрүү, салыктан качуу же мамлекеттик кызматка өтүү же партиялаштарын кызматка жайгаштыруу сыяктуу кара башынын кайгайы үчүн гана келип жаткансыйт. Азыркыдай кыйын кырдаалда дагы алар жемкорлук оорусунун жеми болушууда. Андай депутаттар тууралуу Америкада: “Бир да мас матрос акчаны соо конгрессмен сыяктуу тез корото албайт.”- деген кеп бар.

Эң башкысы, биздин партияларда өлкөбүздүн жана улутубуздун келечегин көздөгөн максаттуу программалар жок. Көпчүлүгү “адам укуктары” деген көз боочу түшүнүккө алданып, түпкүлүгүндө республиканы жана түпкү улутту туңгуюкка алып барчу баштышчыл жолду карманышат да, өз элинин эмес, империя курган калктардын кызыкчылыгын көздөгөн иш-аракеттерге өтүшөт. Натыйжада, партиялар партиялык касиеттен ажырап, улуу идеаларды туу тутпастан, байлык топтоонун жана бийликте кармалып туруунун арбайын согушат. Дал ушул үчүн эл партияларга ишенбейт. Анткени, түшкө чейин бир партиянын мүчөсү болуп жүрүп, анан түш оогондон кийин эле башка партиянын кылычын чаар жүргөн туруксуз инсандар партиянын кадырын кетирип бүттү.

ЭЛ ШАЙЛООДОН ЭМНЕНИ КҮТӨТ?

 Антсе да, “үмүтсүз – шайтан” – демекчи калкыбыз ар бир шайлоодон жакшылык күтөт. Жашоо-турмуш жакшыраар бекен деп үмүт кылат. Бул шайлоого да элибиз жакшы үмүт-тилектер менен келгендиги маалым. Антсе да, элдин демин суутучу айрым жагдайлар бар экендиги жашыруун эмес.

Эң башкысы эл бир эле адамдын жүзүн ар бир шайлоо сайын кайра-кайра көрө берүүдөн тажады. Ал жүз болгондо да коррупционер жана алдамчы митайым жүз болсо, албетте, калкта андай жүздү көрөйүн деген көз болбойт. Андыктан, парламентке да жаңы кан куюп туруунун кезеги келди. Башкача айтканда башка бийлик тутумунда да муундар алмашып, улам жаш муундар бийликке келип турушу зарыл. Андыктан, “Баа! Баягылар!”-дедиртип эл көңүлүн кайт кылып, өз кызыкчылыктарын гана көздөгөн, эч нерсеге жооп бербей, коррупция менен гана шугурланган эски депутаттардан эл тажап бүттү. Аны байкаган партиялардын лидерлери алдыга тыңчыкма жаштарды же өздөрүнүн балдарын коюп, шайлоого аттанып жатышат.

Негизи, “танууну тануу” мыйзамы да иштейт эмеспи. Маселен, Белоруссияда элдин жашоо деңгээли жакшы. Бирок, жаңы муундар жаңыча башкаруу үчүн бийлик тизгинин өз колдоруна алууну көздөп, Александр Лукашенкого каршы чыгып жатышпайбы. Андыктан, жаңычылдыкты жакшы көргөн биздин өлкөдө да башкарууну жаш муундарга өткөрүүнү жактап жаткандар аз эмес. Бул, албетте, мезгилдин талабы.

            КАЛП АЙТУУ БОЮНЧА СЫНАК

            Азыр шайлоо учурунда укмуштай бир убадалар берилет. Кудум эле калп айтуу боюнча сынак жүрүп жаткан сыяктуу. Ушундан улам бир элдик тамаша эске түшөт.

            Шайлоочулар менен жолугушуу болуп жаткан учурда бир талапкер: “Эмне өтүнүчүңөр болсо айткыла, мен дароо ушул жерден эле аткарамын.- дейт. Анда бир аксакал сөз алып: “Бизге элдин саламаттыгын текшерип, жардам бергенге врачтар керек.”-дейт.

            Анда тиги депутаттыкка талапкер чөнтөгүнөн телефонун алып чыгат да, дароо эле “өөдө жактагылар менен сүйлөшүп” кирет. Анан тиги аксакалга карап: “Мына бул маселеңер чечилди. Жакында врачтардын кербени келет да, калктын саламаттыгын текшерип, дарылап кетет.”-дейт.

            Анда аксакал күлүп туруп: “Эми экинчи бир чечилбей келаткан көйгөйүбүз – бул жерден чөнтөк телефондор таптакыр тартпайт.” – деген экен. Анын сыңарындай элдин кулагына кесмени да ченеп илип, анан да депутаттыкка талапкерлер өздөрүнүн шайлоо убагында берген убадаларды кийин унутуп калбай, ошол убадаларынын өтөөсүнө чыгууну үйрөнүшсө, заманыбыз оңолот эле.

        ЖАСАЛУУЧУ ИШТЕР АБДАН КӨП

                Эң башкысы, биз калкыбызды ачарчылыкка кабылтпай, азык-түлүк коопсуздугун чечип, ириде өз элибизди өзүбүз толук табигый таза азыктар менен камсыздоого жетишүүбүз зарыл.

Айыл чарба продукциялары рыногун өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу, айыл чарба продукцияларын экспорттоодон айылдыктардын кирешесин жогорулатуу, эл аралык стандарттарга жооп берген алдыңкы технологияларды өнүктүрүү, өлкөбүздө айыл чарба продукцияларынын СБЛ системасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү зарыл. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр Европага жана башка дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн азыктын сапатын ырастай турчу кымбат сертификаттарды алууга аргасыз. Кыргызстанда чет өлкөлүктөр менен биргеликте фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды курууну жана “Логистика жана жөнөтүү тутумун башкаруу” лабораторияларын курууну тез арада колго алуу учурдун талабы.

Мындан сырткары, сугат аянттарын көбөйтүү, адам ресурстарын өнүктүрүү, СЛБда иштөө үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо, инвесторлорду тартуу, бажы бирлигинин аймагына жана андан тышкаркы аймактарга да Кыргызстандын азыктарын сатууну колго алуу кечиктирилгис милдет. Буга үчүн атайын министрлик эмес, атаандашууга жөндөмдүү агроөнөр жай секторун уюштуруу деле жетет.

Анан да бензокоролдордун айтканын жасап олтуруп, аткезчиликти биротоло өнөр кылып албай, чек ара маселесин толук чечүүбүз керек. Бул биздин өлкөбүздүн толук көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылуунун кепилдиги. Бажыкана менен салык маселесин мамлекеттин кызыкчылыгына чечүү зарыл. Антпесе, олигарх-магнаттар гана эсепсиз байып, мамлекеттин казаны улам какшып баратат. Кийинки жылдардан баштап кредиттерди төлөөнүн мөөнөтү келсе, абалыбыз абдан кыйындай тургандыгы турулуу иш.

            Калыстыкты туу тутуп, мыйзамдык укуктарды коргоп, сот, прокуратура иштерине адилеттик орнотмоюнча, демократиялык, таза коомду кура албайбыз. Ал кыялыбыз жөн гана сөз боюнча калат. ИИМ эң башкы иретте коомдук тартиптин сакчылыгында болуусу зарыл. Ал эми мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети болсо ички жана тышкы коопсуздукту камсыз кылуу жана чалгындоо иштерин аткарышы керек. Алардын иши оппозициядагы лидерлерди жазалоо бойдон калса, анда коомдо демократия өнүкпөйт жана нааразылык улам күчөй берет.

Салык жана бажы тутумундагы реформаны аягына жеткирбесе, өлкөбүздүн казынасы какшып, көмүскө экономика улам оожалып баратат. Азыр анын үлүшү 180 млрддан ашык кетти. Анан калса, атамекендик товарлар өндүрүүчү өндүрүшчүлөргө болгон салыктын өлчөмүн азайтуу зарыл. Анткени, товар өндүрүү менен товар алып-сатуу эки башка маселе. Канткенде да орто жана кичи бизнести тикелемейинче, экономикалык каатчылыктан кутула албайбыз.

            Дагы бир айта кете турган нерсе, билим берүүнүн болондук тутуму да өзү актаган жок. Андыктан, азыр логикасы жакшы өнүккөн балдарга караганда, робот сыяктуу өз алдынча ой жүгүртө албаган өспүрүмдөр арбын. Албетте, калк караңгы болсо бийлик үчүн башкаруу жеңил болот. Бирок, бул түбү жакшылыкка алып барбайт.

Анан да быйылкы оор тумоодо көз жумгандардын саны Ош окуясында курман болгондордон да көп болгондугун эске алсак, медицинанын деңгээлин токтоосуз түрдө жогорулатуу учурдун башкы талабы.

Айыл чарбасынан кийинки эле бюджетке жардамдаш болуучу тармак бул жеңил өнөр жайы. Айталы кийим тигүү жагдайын буга чейин ишкерлер өздөрү өнүктүрүп келди. Бирок, азыр бул тармактагы ишкерлерине жардам берүүнү мамлекети моюнга алган кошуна өлкөлөр жакын арада биздин ишкерлерди буга чейин иштеп келген Бажы бирлигинин аймагындагы рыноктон кууп чыгуу алдында турат.

Бизде жапан жаратылыш, жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экендигине карабастан, туризм тармактарын (архитектуралык эстеликтер менен таанышуу, тоого чыгуу, көлгө түшүү, аңчылык кылуу ж.б.) өнүктүрүү ишине да олуттуу көңүл бурулбай, кардарларды тейлөө жаатындагы сервистердин начардыгынан улам атаандаш өлкөлөргө утулуп келатабыз.

Айта кетүүчү дагы бир жагдай, парламентке партбосттор эмес, лидерлер керек. Теледебаттардагы төмөнкү деңгээл жана жер-жерлердеги жолугушууларда талапкерлердин мушташып кетүүлөрү көпчүлүк партия мүчөлөрүндө саясий маданият деген түшүнүк али ныпым калыптана электигин көрсөтүүдө. Албетте, шайлоо жараянындагы чоң муштумдукка чара көрүлүп жатканы жакшы. Саясатчылар өздөрү айта жүргөндөй негизи парламент өзү көйгөйлөрдү көчөдө муштум менен чечпестен, парламентте жарыш сөз аркылуу чечүү максатында түзүлгөн эмеспи.

                        ЖАРАНДЫК УКУКТУН “КАЛЫҢЫ…”

            Кезинде Жан-Жак-Руссо: “Англис калкы өздөрүн эркинбиз деп абдан катуу жаңылышат. Алар парламентке шайлоолор жүрүп жаткан маалда гана эркин, калган убакта алар эч ким эмес, эрксиз кулдар.” – деп айткан экен. Азыркы биздеги абал деле дал ошондой. Шайлоочулар добушун сатканга чейин гана эркин. Андан кийин алар кийинки шайлоого чейин эч ким эмес бойдон калышат. Эгер кандайдыр бир маселе менен кайрылганы барышса, депутаттар аларды кабыл алып да койбойт. Эгер билгиңиз келсе, шайлоо өтүп жаткан маалда депутаттыкка талапкерлер шайлоочуларга таркатып жүргөн акчалар – ал шайлоочулардын жарандык укугу үчүн төлөнүп берилген “калыңы”. Демек, Сиз акча алдыңызбы, анда добушуңузга кошо укугуңузду да саттыңыз. Анда кийинки шайлоого чейин ооз ачпаңыз. Сиз добушуңузду саткан депутат эми сиздин арыз-датыңызды укмак турсун, эгер кабылдамасына барып калсаңыз Сизди кабыл алып да койбойт.

            Ушул жерде белгилей кете турган нерсе, “шаарда каттоосу жок жарандарды форма №2 документи аркылуу борбордо добуш берүүгө шарт түзүү” – деген шылтоо менен жарандардын паспортторун жыйнап алуу дагы добуш сатып алуунун бир формасы. Добуш сатып алгандар да, добуш саткандар да жазаланат деген мыйзамдын иштөөсүнө олуттуу маани берүү керек.

ЭЛ ЭМНЕГЕ ОЛИГАРХТАРГА, МАГНАТТАРГА КАРШЫ?..  

Улуттук буржуазия жаңыдан түптөлүп жатканда алардан колуштук алган айрым жазмакерлер “улуттук олигархтар чыкса, улутту, өлкөнү ошолор сактайт.” – деп саймедирешкен. Ал эми азыркы учурда калкыбыз эмне үчүн олигархтарга, магнаттарга каршы. Анткени, добуш сатып алгандардын көбү ошол олигархтар, магнаттар. Алар парламентке келген соң өз бизнестерин коргоп, бажыканалардан көз жазгырып өтүп, аткезчилик кылып, мамлекетке түшүүчү салыктын көлөмүн азайта башташат. Эгер бензин сатса, биздин жарандарга эле эмес, кошуна өлкөлөрдүн жарандарына чейин сатышып, ун, ичимдик саткандары да өлкөнүн салык тутумуна кыянаттык келтирип, акчага туйтунушат. Натыйжада, мамлекеттик чек араны чечүү маселеси да создугуп, өлкөнүн коопсуздугуна жол коюлат. Чек ара боюндагы адамдар кагылышка тушугуп, курман болгон учурлары да болуп келатпайбы. Ансыз да парламентте олтургандардын 70 пайызы бизнесмендер болгондуктан, кичи жана орто бизнести да олигархтар жутуп салбагыдай деңгээлде коргоп туруу керек. Кичи жана орто бизнестин өнүгүшүнө ушул парламенттеги олигархтар бут тосууда. Ошол эле маалда алар “эки кат бухгалтерияны” ойлоп чыгарышып, амалкөйлүк менен салыктан качып, жадесе өзүнүн үйүнүн жанына коюп алган трансформатор эсептеген светтин жарыгын да төлөбөй келаткандыгы өкүндүрөт.

Олигарх-магнаттардын аткезчилигинен улам өлкөбүз ансыз да 7 миллиярддан кол жууп келет. Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири жыйынында Кыргызстандын бажы тутумундагы көз боёмочулуктарды ачыктап, 2015-жылы Кытайдан Кыргызстанга экспорттолгон товарлардын суммасы 4,3 миллиарда доллар деп көрсөтүлсө, Кыргызстандын маалыматы боюнча Кытайдан келген импорттун көлөмү 1 миллиард доллар деп белгиленип, айырма 3,3 млрд долларды түзгөндүгүн айткан. 2016-жылдагы эки өлкөнүн маалыматынын ортосундагы айырма 4,1 млрд долларды түзсө, 2017-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча Кытайдын маалыматына ылайык экспорт 2,6 млрд доллар болгон болсо, Кыргызстандын маалыматы боюнча импорт 900 млн сом деп гана белгиленген. Ортодогу айырмачылык 2,5 млрд доллар. Мунун өзү бажыны токтоосуз санариптик каттоого өткөрүп, анда иштеген бажычыларды тазалоонун зарылдыгын айтып турат.

            Олигархтардын айынын демократия аксап, бирде анархияга өтө чапса, бирде улуттук баалуулуктар оңколоп, охлократия орной калып келатат. Маселен, бизде бийлик алмашкандан бери 370дей митинг өтүп, кээде Кой-Таштагыдай тополоңдор да болуп келатат. Ал митингдерде көпчүлүк учурларда митингчилер кайсы бир камактагы саясатчынын боштондугун талап кылат же кайсы бир саясий күчтүн амбициясын билдиришет. Бул – деген охлократиялык талап, башкача айтканда бир топтун бийлигинин талабы. Демек, олигархтар мамлекеттин бейпилдигин, келечегин ойлобой, кандай жол менен болсо да байлыкка туйтунууну, калкты бөлүп-жарып болсо бийликке жетүүнү гана көздөшүүдө. Ал эми бизге кандуу революциялар эмес, талыкпаган максаттуу эмгек, эволюциялык өнүгүү зарыл.

                        МЫНДАЙ ШАЙЛОО ЖАРАБАЙТ         

            Парламенттик башкарууга биздин эл али даяр эмес экен. Бизге салыштырмалуу бийлик бутактарын бөлүштүрүү боюнча башынан көп тажрыйба өткөн Түркия деле парламенттик башкарууга эли даяр эмес экендигин белгилеп, кайра президенттик башкарууга кайтып келбедиби. АКШ, Россия Федерациясы деле ошондой жолой көрсөтүүдө. Андыктан, “көп суур ийин казбайт, ийин казса кең казбайт” – деп бабалар айтып келгендей эч ким эч нерсеге жооп бербеген, жеген ооздор эле көбөйбөстөн, өлкөнүн коопсуздугу да тобокелге салынган парламенттик башкаруу өзүн актаган жок деп таккесе эле айтуу керек. Демек, менин айтайын деген оюм алдыдагы (4-октябрдагы) шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу эмес. Эң башкысы бизге азыркы абалыбызга шайкеш башкаруу тутумун кабыл алуу. Антип айтканымдын себеби бүткүл башкаруу тутумун өзгөртмөйүнчө абал оңолбойт. “Баягы эле нерселерди кайталап жасай берип, бирок башка натыйжаны күтүү – бул эң чоң дөөпөрөстүк!” – деп Альберт Энйштейн айтмакчы эң башкысы туруктуу иштөөчү депутаттардын санын жана артыкчылык укуктарын азайтуу керек. Туруктуу иштеген депутаттардын санын жана артыкчылыктарын азайтуу маселесин депутаттыкка талапкер болгондор өздөрү да партиялык программаларында көтөрүшүүдө.

                        БИЗГЕ КАНДАЙ БАШКАРУУ ТУТУМУ КЕРЕК?

            Өзү бизге кандай башкаруу тутуму ылайыктуу? Негизи велосипедди кайрадан ойлоп табуунун кереги жок. Бизде мындай тажрыйба болгон. Кезинде Конституциялык түзөтүүлөр жөнүндө 1994-жылдын 22-октябрындагы референдумдун жыйынтыктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча конституциялык кеңешме түзүлүп, ал сунуштарды иштеп чыккан. Ага ылайык Жогорку Кеңеш эки палатадан: 35 депутаттан турган туруктуу иштөөчү жана республиканын бүткүл калкынын таламдарын билдирүүнүн негизинде шайлануучу Мыйзам чыгаруучу жыйынынан жана сессиялык жол менен иштөөчү жана аймактык таламдарды билдирүүнүн негизинде шайлануучу курамында 70 депутат болгон Эл өкүлдөр жыйынынан турган. Азыр да ошол алгылыктуу тажрыйбага таянышыбыз учурдун талабы. Жогорку Кеңеш кайрадан эки палатадан турушу зарыл. Ошондо мыйзам чыгаруу палатасы 35 эле депутаттан куралат да, туруктуу иштейт. Ал эми эл өкүлдөр жыйынына республиканын жана шаарлардын ар бир районунан бирден эл өкүлү мажоритардык жол менен шайланып, алар сессиялык жол менен иштөөгө тийиш. Аларга кызматтык үй, кабинет, машина жана кызматчылар берилбеши керек. Ал турсун ал эл өкүлдөрү мейманкана жана жол кире чыгымдарын да өз чөнтөктөрүнүн төлөшү зарыл. Депутаттар өз көз караштарын эркин билдирип турушу үчүн бүткүл дүйнөдөгүдөй эле кол тийбестик укуктарын гана калтырса болот.

            Ошондо азыркы депутаттыкка талапкерлер эсептеп жаткандай 400 миллиондун тегерегинде акча каражаты үнөмдөлөт.

            Өзү негизи парламенттик бийлик ансыз да сөз боюнча эле калып жаткан соң АКШ, Россия өлкөлөрү сыяктуу эле Президенттик бийликти күчөтүп, анан да премьер-министрдин милдеттерин дагы Президентке жүктөп, аткаруу бийлигинин ишине Президенттин өзүн жооптуу кылуу керек. Мындай ойду илгери Англиянын королу Карл II (1630—1685) да айтып: «Беш жүз башчылуу эмес, бир королду болгон артык.” – деген экен. Чынын айтканда “Парламенттик башкаруу” – деп жазылганы менен биздин өлкөдө иш жүзүндө өлкөдө Президенттик башкаруу орун алып, баары тең Президенттин айтканындай жасалып, бирок, Президент эч нерсеге жооп бербей келатат. Эгер аткаруу бийлигинин ишине Президент жооптуу болсо, анда бири-бирин кайталаган артыкбаш кызматтар кыскарып, ыкчам иш алып бара турган, иши кайтарым бере турган бийлик тутумун камсыз кылабыз. Негизи бийлик тутуму кандай болушу керектигин көп кресло көксөгөн төбөлдөр эмес, өлкөдөгү абал шарттоосу зарыл. Конституциянын 2-беренесинде дагы: “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат.” – деп жазылып турат. Андыктан, башкаруу тутумун кайра түзүү үчүн элдик референдумга алып чыгуу зарыл. Албетте, заман улам өнүгүп, демократиянын өнүгүшүнө байланыштуу башкаруу тутумдары дагы өркүндөп турарына ишенем. Биз унитардык мамлекет болгондон кийин, азыркы учурдагы абалыбызга карап иш кылсак, Премьер-министр менен Президенттин милдетин бир адамга жүктөгөн Президенттик башкаруу – бул алгылыктуу жол деп айтууга толук негиз бар. Алдыдагы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө бийликтин тең салмактуулугун сактоо максатында Башкы прокурорду шайлоо укугун Жогорку Кеңешке ыйгаруу зарыл. Ошондой эле Башкы прокурорду кызматтан Президент бошотот, бирок анда Президент Жогорку Кеңештин макулдугун алууга тийиш деген берене киргизүү керек. Эгер Президент мамлекетке карата саткындык жасагандыгы, экономикалык ири кылмышка же коррупцияга катышы бар экендиги ырасталса, анда Жогорку Кеңештин Президентке импичмент жарыялоо укугун бекемдөө зарыл. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары татыктуу иштебесе жана кылмыштуу жагдайлар менен байланышы аныкталса, эл тарабынан отуз миң кол чогултуп, депутаттарды чакырып алуу укугун да кайра киргизген абзел. Бул олуттуу маселелер кагазда калып калбаш үчүн Конституцияда жана Жогорку Кеңештин Регламентинде тиешелүү беренелер менен бекемделиши шарт.

           

                                                                                                                                                                                   А.Акбаров.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

2 Comments on “МЫНДАЙ ШАЙЛОО ЖАРАБАЙТ…”

  1. Токон Мамытов — балким, жакшы генерал, акылдуу киши. Бирок ал акыйкатчылык кызматка жарабайт. Мындай пикирин Жогорку Ке?ештин депутаты  Алмамбет Шыкмаматов  «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

  2. Анын Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азияга карата негизги маселелер боюнча базалык билими жок окшойт. Бул демек, ал мындай ишти аткарууга даяр эмес дегенди билдирет ,- деди АКШ президенти Сингапурдун премьер-министри Ли Сяньлун менен с?йл?ш??д?н кийин журналисттерге с?йл?г?н с?з?нд?.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *