“Мырзалык укугун” коргоп берүүнү өтүнгөн саруулуктар 12 орун алды

  Мезгил

    Ыссык-Көлдүн Саруу айылында болуп өткөн жергиликтүү кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШК маалымат таратты. Анда Жети-Өгүз районунун Саруу айыл кеңешине болгон 22-сентябрдагы кезексиз депутаттык шайлоонун жыйынтыгынын протоколу бекитилди. Ага ылайык 79 талапкердин ичинен 21 депутат шайланды. Анын 9у аял киши, 12си эрекек депутат. Саясий партиялардын 17 байкоочу катышып, катталган шайлоочулардын 34,6 % катышты.

Ошентип шайлоо мыйзамына жаңы киргизилген өзгөртүүлөрдү кеч түшүнүп калып, коомчулукка биздин “мырзалык укугубузду коргоп бергиле” деген билдирүү таратып, арызын Бишкекке чейин жолдогон саруулук мырзалар аялдарга салыштырмалуу 3 кишиге көп добуш алышты.

Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *