Надира Нарматова: Ичи тарлар болду да, тырманганды токтотпойсуңарбы?

Мезгил

Президент- деген сөздүн мааниси өзү ЭЛ БАШЫ, ЖУРТ БАШЫ, КАН, ПАДЫША, АЖО, КОЛ БАШЫ -деген түшүнүктөр менен тең ата пайдаланылат. Элдин гаранты, мамлекеттин гаранты болгондон кийин президент ЖУРТ АТАСЫ болбой эмне болот? Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Надира Нарматова фейсбук баракчасына жазып чыкты.

(Тексти өзгөртпөй беребиз)

Эки күндөн бери карап олтуруп, калыстык сөздү айтпай койгонго болбой калды. Эки адамдын шыпыргычтары өтө эле ичтери күйүп, өтө эле чектен чыгып кетишти. Келдибеков Азаттыка берген маегинде туура эле калыс сөзүн айтты. Арамданып, жиликтеп, иликтеп, итибай, битибайы түшүнүп, түшүнбөй, оозуна келгенин оттоп, эки күндөн бери жармашып, ашатып жатып калышты. Президент Келдибековдун атасы болсун, биз жетимбиз деп. Ошол да сөзбү?

Ар бир үй бүлөнүн атасы болгондой эле, Мамлекеттин атасы Президент болуп эсептелет. Журт атасы болбогондо эмне болот? Кудай урбадыбы биротоло?

Мамлекеттин, элдин жоопкерчилиги, кепилдиги мойнунда тагылып турса Журт атасы болбой, Аман Асановдун атасы болобу? Же көшөгө артында бекинип олтуруп алып жашынып алып жащып жаткан фейктердин атасы болобу? Жамандык издеп жүрүп, мүйүз чыкпады кээ бир адамдарга. Тескерисинче мүйүзүңөр сынып, кайтаар дүнүйө болуп жатканын түшүнгүңөр келбейт.

Президент- деген сөздүн мааниси өзү ЭЛ БАШЫ, ЖУРТ БАШЫ, КАН, ПАДЫША, АЖО, КОЛ БАШЫ -деген түшүнүктөр менен тең ата пайдаланылат. Элдин гаранты, мамлекеттин гаранты болгондон кийин президент ЖУРТ АТАСЫ болбой эмне болот?

Сооронбай Шарипович президент болуп шайлангандан кийин «мен баланча партиядан келдим. Мен КСДПнын гана кадрларын, саясатын колдойм» дебей, журт атасы экенин көрсөтө алды. Оппозиция, позиция дебей, Атамбаевдин убагында куугунтукта жүргөндөрдүн эч кимисине карабай, кылган эмгегине жараша баарын мамлекеттик иш-чараларга чакыра баштады –деген  деген мазмунда, калыс сөздүн эмне жамандыгы бар? Мактагандыка, кошомат ургандыка жатпайт. Саясатчы катары өз көз карашын, журналист сурап жатса калыс көз карашын айтпай, эмне кылыш керек?

Эки жылдык убакытта иштегенге мүмкүнчүлүк бербегенге карабай сабырдуулук менен ошончо аракет кылып келе жатат. Акыбалды да туура түшүнүш керек. Ошого Каптагаев: Кыргыз тилинде журт атасы, элдин атасы деген сөз кеңири эле колдонулат

карабастан жалпы уюштуруучулук, ийгиликтер бар да. Өзгөчө кошуна өлкөлөр менен карым-катнаштар, иреттелди. Чек арадан башкасы. Өндүрүштү колго алып, кадр маселеси менен жумушчу орундарды түзүп, экономиканы көтөрүүгө багытталып, логистикалык иштерди жолго салса, башталган санариптик тейлөөнү бүткөрүшсө, коррупциялык иштерди жыйынтыгын чыгарып, коррупционерлерди кустуруп, фондду толтуруп, карыздан кутулганга аракет кылса, жылабыз буюрса.

Ал эми Келдибековдун айтса орду бар. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы, такшалган ,саясатчы, коомдук ишмер.

Демократия деп, бейбаш болуп бүттүк. Канчалык Келдибековду отурсаң опок, турса сопок кылып, сүйлөгөн сөзүн пайласаңар да, жаманатты кыла албайсыңар. Анткени Келдибековдун деңгээли, айрым чукугуч, ичи тарларга уйку бербейт окшойт. Экинчиден көз карашы алардыкынан кызыктуураак сыяктуу.

Ичи тарлар болду да, тырманганды токтотпойсуңарбы? Уят эмеспи! Бирок, кантсе да бир жагынан пайдаңар бар. Силерге рахмат айтыш керек. Атын өчүрбөй пиар жасап турасыңар. Кара пиар бул да пиар!

Ал эми Матраимовдун 50 дөн ашык түрдүү катмардагы өкүл баласы бар. Жалгыз Келдибековдун баласы эмес. Өкүл ата коюу, Кыргыздын үрп адаты. Саясатка эмне тиешеси бар. Кылмыштык жалаа жаап көрүштү, далилдей алышпады. Жыгылган күрөшкө тойбойт болуп, эми баскан -турган,жеген – ичкенин аңдыган, бул өтө эле патектен төмөн түшкөндүк. Жарылып өлөт го кээ бир адамдар.

Кудай көздөрүнө сайып, кайтаар дүнүйө, бирөөгө гөр казба, өзүңө ырастап каз, өзүң түшүп каласың деп, далилдеп жатса деле тооба кылышпайт. Өз аталары кетип калып, жетимсиреп жатышат окшойт. Аны туура эле түшүнүп койгула. Учурда Жээнбеков Сооронбай Шарипович – Кудайдын алдында, Конституциянын алдында ЖУРТ АТАСЫ БОЛБОЙ ким эле ? ПРЕЗИДЕНТ- ЖУРТ АТАСЫ, ЖУРТ АТАСЫ- ПРЕЗИДЕНТ -деп түшүнөбүз нукура эне тилибиздеги сөздү кыргыз болгондон кийин. Түшүнгүсү келбегендер  оозуна келгенди оттоп, дөөрүп, сөйрүңдөй.

Иттер үрө берет, кербендер жүрө берет!

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *